Menu

ИИМ: Аксыдагы окуучу баланын сабалышынан кийин милициянын участкалык кызматкерине сөгүш берилди

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусундагы окуучуну сабоо фактысы боюнча Аксы РИИБдин жетекчилиги айрым кызматкерлерине сөгүш жарыялады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 6-март күнү саат 13:30 чамасында 9-класстын 6 окуучусу теңтуш окуган баланы  “Чоң балдарга кошулбай биз менен чогуу жүр” деп сабап койгондугу такталган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыгарылып, жабырлануучу денесине анча оор эмес залал келтирилгендиги  аныкталган.

“Аталган факт боюнча аймактык ИИО тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен Аксы РИИБдин жетекчилиги милициянын ыйгарымдуу өкүлүнө өзүнүн түздөн-түз функционалдык милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбагандыгы жана начар профилактикалык иштерди жүргүзгөндүгү үчүн “Сөгүш” тартиптик жазасын жарыялаган. Жашы жете электердин иштери боюнча инспекторуна укук бузууларды алдын алууну күчөтүү, профилактикалык чараларды көрүү керектиги айтылды. Ага карата кызматка бир жума мурда дайындалганына байланыштуу жаза колдонулган жок” – деп айтылат маалыматта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: