Өткөн суткадп үч жаран жасалма документ менен Жалал-Абадга кирүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Жалал-Абад облусунун жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымында, аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесинин “Документтерди жасалмалоо” беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бириктүү реестрине катталган.
“Жалал-Абад шаарынын кире беришинде 4 блок-пост турат. Унааларды текшергенде, жасалма документтер аныкталган. Автонаалар унаа токтотуучу жайга коюлуп, айдоочулар менен кошумча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат” – деп билдирди комендант.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ