Дарыгерлерге коронавирусту жуктуруп алгандыгын айтууну сунуштап, берилчү 200 миң сом компенсацияны экиге бөлүп алалы деген топтор пайда болуптур. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда ЖКнын жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.
“Врачтарга кайрылып, аларды коронавирус менен ооруду деп каттап, 200 миң сом компенсацияны алалы да, аны 100 миң сомдон бөлүшөлү деген топтор пайда болуптур. Бул кайсы райондо болуп жатканы боюнча маалымат берем” – деп депутат өкмөттүн өкүлүнө айтты.
Депутат өкмөттүн өкүлүнө кайрылып, бул иш боюнча чара көрүүнү жана тиешелүү органдарга буйрук берүүнү өтүндү.
“Азыркы оор абалды айрым биздин жарандарыбыз, чиновниктер пайдаланып, элге кыянатчылык кылып жатат, буга чейин дагы кылып келген. Биринчиси, азык-түлүктүн баасын көтөрүү боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берүү керек. Ошондой эле, медициналык кызматкерлерге акча бөлүү маселеси боюнча, тез жардам кызматында иштеген врачтарга 100-200 сомдон берилип жатат. Менин оюмча бул туура эмес, акча бергенге жараша көбүрөөк бериш керек” – деп кошумчалады депутат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ