Кыргызстанда дагы 36 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
– Бишкек шаарынан – 17 адам;
– Чүй облусунан – 3 адам;
– Ош шаарынан – 2 адам;
– Ош облусунан – 4 адам;
– Жалал-Абад облусунан – 3 адам;
– Нарын облусунан – 1 адам;
– Талас облусунан – 2 адам;
– Ысык-Көл облусунан – 3 адам;
– Баткен облусунан – 1 адам;
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 2129 адамга жетти.
Ал эми бул илдеттен 58 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Оорудан айыккандар:
– Бишкек шаарынан – 33 адам;
– Ош шаарынан – 17 адам;
– Жалал-Абад облусунан – 1 адам;
– Нарын облусунан – 6 адам;
– Ош облусунан – 1 адам;
Республика боюнча жалпы 1630 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ