Бүгүн, 12-июнда “Кайнар” ресторанында дагы массалык иш-чара уюштурулуп, анда санитардык эрежелер бузулган. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы тарабынан белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, “Кайнар” ресторанында 50 эмес, 200 адамга иш-чара уюштурулганы белгилүү болду. Иш-чара аяктагандан кийин аталган тойкана белгисиз мөөнөткө жабылды.
Белгилей кетсек, кечээ, 11-июнда экс-депутат Өмүрбек Бабанов аталган ресторанда эжесине куран окуткан. Анда массалык иш-чара өткөргөндүгү үчүн ресторанга 3 миң сом айып пул салынган.
Ошондой эле, бүгүн, 12-июнда Республикалык штабдын жыйынында Кубатбек Боронов санитардык норманы сактабаган кафе, дүкөн, маршруттар жабылат экенин билдирген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ