Финполициянын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын жана медициналык шаймандарды негизсиз кымбаттатууга жол бербөөгө багытталган иш-чараларды улантышууда.
Соттук териштирүүнүн алкагында, дары-дармектердин бааларын кымбаттатуу фактылары боюнча катталган бир нече сатуучулардан контролдук сатып алуулар жүргүзүлдү.
Финполдун кызматкерлери учурда эң керектүү дары-дармектерди, клександы жана гепаринди сатып алышты.
“Бардык аныкталган алып-сатарларга карата сотко чейинки өндүрүш башталат, анын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет” – деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ