Президент Сооронбай Жээнбековго барып келген ыктыярчылар социалдык тармактын колдонуучулардын арасында дагы деле талкуу жаратууда. Ырчылар Инстаграм баракчаларына өз ойлору менен бөлүшүүдө. Кечээ, 23-июлда ырчы айым Анжелика Алтынай Нарбаевага төмөндөгүчө жооп берип,суроо салды.
“Мен Алтынай эжебизге чалып айткам. Ушундай ыктыярчылар барат экен деп. Макул, жакшы барып келгиле деп, эртеси мындай маек бергениңиз кандай? Мен ошол жерде (толугу ачыла элек болсо да) “Апам жана мен” фондуна Алтынай Нарбаева эжебиз чуркап жүрөт, ырчы улуу эжелерден деп айттым. Мен болгону, дары-дармек сурадым элибизге. Же сыйлык, мактоо баракча алдымбы? Карантинде азык-түлүккө акча дагы берип, эки-үч жакта, чуркап жүргөндөр унчукпашты, сиз жана Эрнис байке грамота алганда биз өзүбүз алгандай кубанганбыз”, – деди Анжелика.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ