Кечээ, 25-сентябрда Бишкек шаарында ИИМдин Патрулдук милиция кызматынын кызматкерлери кайырчылык менен алектенип жүргөн 40 адамды аныкташты. Бул тууралуу Патрулдук милиция кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, “Кудайберген”, “Аламүдүн” базарларында, Батыш автобекетинин айланасында, ошондой эле борбордук көчөлөрдүн ортосунда жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө аныкталды.
Баары Бишкек шаарынын райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Учурда бул жарандардын аты-жөнү жана даректери такталууда, түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ