Бүгүн 1-октябрь эл аралык карылар күнү. Бул датага карата жана улууларга урмат көрсөтүп, алардын ак батасын алуу үчүн Жалал-Абад ШИИБдин өздүк курамы ИИОнун ардагерлерине сый тамак уюштурушту. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, дасторкон үстүндө ардагерлер менен жаш кызматкерлердин баарлашуусу орун алып, жаштарга акыл-насааттарын айтышкан.
“Шаардык милиция тарабынан уюштурулган сый тамакка ардагерлер ыраазы болушуп, мындай жагымдуу көрүнүштөрдү кийинки муундан көргүлө деп алкыш айтышты. Ошондой эле, Ички иштер органдарынын ардагерлери тегерек стол четинде кызмат учурунда өткөргөн күндөрүн, эсте калган окуяларын эскеришти. Соңунда улуулар жаш кызматкерлердин иштерине ийгилик каалашып, өлкөбүздө дайыма тынчтык болуусун тилешип, амандыкта жолугууну ниет кылып тарап кетишти”,- деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ