Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев УКМКнын тергөө абагына камалды. Бул тууралуу журналисттерге Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Сот Курманбек Дыйканбаевге карата УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 2021-жылдын 24-январына чейин камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандап алганы такталды.
Белгилей кетсек, 24-ноябрда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча президенттин ЖКдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев камакка алынган.
Тергөөнүн жүрүшүндө, 2020-жылдын октябрь айында болгон шайлоо кампаниясы учурунда Курманбек Дыйканбаев саясий партиялардын биринин кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин ага 7 миллион сомдон ашык суммадагы акча каражатын которууга мажбурлаганы аныкталды. Баш тарткан учурда ээлеген кызматынан бошотом деп коркуткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ