Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев Чүй облусунун дыйкандарынын көйгөйлөрүн көтөрүп чыкты.
Анын айтымында, “Акун” фирмасы элден будайды килограммын 9 сомдон сатып алып, улпагын кайра 11сомдон сатып, элди чыгымга учуратууда.
“Мага дыйкандардан жардам берүү өтүнүчү менен каттар келип жатат, агрардык комитет бул көйгөйдү чечиши керек. Эртең Казакстандын фирмалары бизге ун сатууну токтотуп койсо эмне кылабыз? Өзүбүздүн агрардык секторубузду колдоого алышыбыз зарыл,” – деп билдирген эл өкүлү.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ