Өткөн жумада Баткен чек арасында кайрадан кыргыз-тажик жаңжалы чыкты. Жабыркагандар болду. Мунун өзү өкмөттүн шалаакылыгы, иштин көзүн билбегени, алдыртан эки тараптуу кызматташууларга бара албаганы да. Күч органдарын жана чек ара жаатын тейлеген вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун көлөмү эле көзгө көрүнгөнү болбосо, көөдөнү бош окшобойбу? Разаков Баткенде ОИИБ начальниги, губернатор, андан вице-премьер болуп отурат. Бийликтин дал ушул чек ара боюнча көзгө басар кадры катары саналып келет. Бирок, кыйраткан иши жок. «Далдайган менен даамы жок» дечү беле? Айтор, өкмөт башчы Абылгазиев баштаган «чала сабаттар» Кыргызстанды бийлеп турганда, кайдан жакшылык болмок эле? Ал эми Баткендин губернатору Абиш Халмурзаев иштегендей түр көрсөтөт, а ийгилиги болбосо ичиркенесиң да…
Тайлак Назымов
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ