Menu

«Kazakh Export» АКнын Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүн ачуу макулдашылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-августта Нур-Султан шаарында «С5+1» форматында жогорку деңгээлдеги жыйынга катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Kazakh Export» АК Башкармалыгынын Төрагасы Руслан Искаков менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү маселелерине арналды.

Ч.Айдарбеков ынак кошуналык, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк рухунда ургалдуу өнүгүп жаткан кыргыз-казак мамлекеттер аралык мамилелер жөнүндө кыскача айтып берди.

Экспортко багытталган өндүрүштү өнүктүрүүгө, даяр продукцияны башка өлкөлөргө экспорттоо үчүн биргелешкен ишканаларды түзүүгө маектешүүчүүнүн көңүлүн бурду.

Өз кезегинде Р.Исаков «Kazakh Export»тун учурдагы ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын белгиледи.

Тараптар 2019-жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасында «Kazakh Export» АКнын Өкүлчүлүгүн ачууну макулдашышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: