“Мени сот кызматына дайындоо үчүн Сотторду дайындоо кеңеши $20 миң, Атамбаевдин шоопуру $40 миң сурашкан”, – деп билдирди укук коргоочу Динара Самет социалдык тармагындагы баракчасына.
“Буга жаза бер, бул өкүмдү жокко чыгар, тигини акта”… мындай кысымдарга чыдамак эмесмин.. Атамбаев шоопуру эмне иш кылып жүргөнүн билген. Илмиянов АШАга судьяларды дайындоо боюнча жарлыкка кол коюп коюшу үчүн акча алып барып берип турган. Эми азыр Атамбаевди ким колдоп жатат? Өзгөчө ага берилген Карамушкина, “АША мыкты президент болгон” деген “жаш” балдары, силер жаңылышасыңар. Дал ушул Атамбаевдин айынан учурда өлкө начар абалда. Кыргызстанда акча аркылуу гана судья болууга мүмкүн. Президент аларды кызматка дайындайт жана жумуштан кетирет. Судьялардын тагдыры президенттен көз каранды. Мындай болбошу керек. Соттук система көз карандысыз болушу керек. Соттук реформалар зарыл”, – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ