Бизнес менен мамлекеттик инспекциянын ортосундагы кайра байланышуу инструменти мамлекеттик инспекция тарабынан текшерүүдөн өтүшкөн ишкерлерди жашыруун интернеттик анкеталоонун аркасында ишке ашырылган. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциясынын статс-катчысы Таалайбек Асылбеков кечээ, 16-январда Жалал-Абад областтык админстрациясында ишкерлер менен болгон жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, Мамэкотехинспекциянын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындыгын жогорулатуу жана Мамэкотехинспекциянын бизнес менен иштөөсүнүн объективдүү баасын алуу максатында ишкерлер менен кайра байланышуунун автоматташтырылган механизмин иштеп чыкты.
«Кайсы бир кызматтын иштөөсүн, кандай кызмат көсөтүп жатканына баа берип, алар жөнүндө анкетада маалымат толтуруу аркылуу билип, жана ал мекемеге жалпы жонунан текшерүү жүргүзүлөт. Алардын жакшы кырмат көрсөтүүсүнө аракет жасалып, окутуулар жүргүзүлөт. Ошондуктан ишкерлер менен жолугушуулар уюштурулуп, “кайра байланыш механизми” түшүндүрүлүүдө”,-дейт Т.Асылбеков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ