“Түндө үйдө телевизор көрүп олтуруп, саат 12лерде сыртта турган машинамды короого кийирип койгону чыккамын. Машинаны кийирип коюп, дарбазаны жаап койгону сыртка чыксам бир олбурлуу неме аңдып турган экен, колундагы арматурасы менен башыма чаап жиберди”, – деп билдирди бүгүн, 20-февралда Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине бийликке оппозициялык көз карашта жүргөн белгилүү журналист, “Деньги и власть” гезитинин редактору Турат Акимов.
“Экинчи жолу чаап келатканда мен колум менен блок койгонго үлгүрдүм. Анын колундагы арматурасы жерге түшүп кеткенде ал качып жөнөдү. Арматурасын жерден ала коюп артынан кууп жетпей калдым. Медициналык тез жардам алып, Бишкектин Биринчи май райондук милициясына арыз жаздым. Дүйшөмбү күнү маалымат жыйын өткөрүп, журналисттерге баарын айтып берем. Бул накта саясый заказ экенине шек жок”, – деди журналист Турат Акимов.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ