Menu

Баткенде мыйзамсыз 10 түп арча кыйгандыгы үчүн өзбек жараны 6 жылга эркинен ажыратылды

Бөлүшүү:

Соттолуучу А. Тургунов 1986-жылы туулган. Өзбек Республикасынын жараны. Кадамжай районунун “Куржун” жайлоосунан 2013-жылы диаметри 8,0дөн 20,0гө чейинки “Саур арча” (Арча полушаровидный) түрүнө кирген 10 (он) түп арчаларды мыйзамсыз түрдө өспөй калган деңгээлге чейин кыйышып, өздөрү жашаган үйлөрүнө алып кетип калышкан. Натыйжада мамлекетке 750 000 (жети жүз элүү миң) сомдук зыян келтирген. Соттолуучунун, алдын ала тергөө мезгилинде өздүктөрү так аныкталбаган Өзбек жарандары “Бегжан”, “Азамат” жана “Умар” аттуу кылмыштуу өнөктөштөрү менен биргеликте мыйзамсыз бул ишке 2014-жылда эки жолу барышкан. Баалуу дарактарды кыюу менен жалпысынан мамлекетке 1 050 000 (бир миллион элүү миң) сом зыян келтирген. Бул тууралу Баткен облустук сотунун басма сөз кызматы билдирет.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 279-беренесинин (Бак-дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу) 1-ст. 2-б. 2,3-п.п. менен 3 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган. КЖКнин жогорудагы беренеси менен үч жолу айыпталып, 59-ст. негизинде жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен биротоло 6 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Кадамжай райондук сотунун 27.11.2015-жылдагы чыгарган чечимине макул эместиктерин билдирген соттолуучу А.Тургунов жана анын жактоочусу кассациялык даттануу менен облустук сотко кайрылган. Баткен облустук сотунун кылмыш иштери жана админстративдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы ишти карап чыгып, Кадамжай райондук сотунун чыгарган чечимин күчүндө калтырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: