Menu

Кыргыз тендери: кытай, “крыша”, “крыса”

Бөлүшүү:

2015-жылдын 17-октябрында  Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлиги 104 миң метр узундуктагы, баасы 6 803 503 490, 16 сомдук  Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду  эки катар жолдорун жасоо боюнча өкмөт атайын ачык тендер жарыялаганы эсибизде. Ал тендерге 4 компания катышканы маалым. Алардын ичинде “ОсОО грант Старт” жана “Сутранспромжилстрой” аттуу эки жергиликтүү компаниялары жана түрктөрдүн “Кocogluinsaat sanayi tarim ve hayvacilik A:S” аттуу компаниясы,  ошондой эле  Кытайдын    жол жана көпүрө  куруучу “Лонг Хай”  аттуу  Циндао корпорациясы дагы ат салышкан. Баарынан кызыгы дал ушул  “Лонг Хай”  компаниясы тендерди утуп алып жолду жасоого уруксат алгандыгында. Алардын тендерди  утуп алганына ич күйдүлүк деле жок, болгону мамлекеттик тендеррге шайкеш келген мыйзамдардын талаптарын аткарып жаткан, жатпаганында. Аталган  компаниянын жетекчилеринин бири  1982-жылы туулган, экинчиси 1989-жылы туулган студенттер экендиги ал компаниянын канчалык иш тажрыйбасынын мол экендигинен кабар берип турса керек. Анан калса алардын визалары дагы студенттик гана виза болгону бизди кичине ар кандай ойго салууда. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык  кандайдыр бир тендерге катышууга укук ала турган компания Кыргызстандын каттоосунда туруп, салыктарды жана социалдык төлөмдөрдү төлөп туруш керек экенин билген жайыбыз бар. Кызыгы,  аталган кытайлык компания Кыргызстанда катталбаганы айтылууда. Жада калса алардын тендерге берген  документтеринде кайдагы кытайлык “Цзимо” деген  шаардык  салык башкармалыгынын документтерин беришкени кызык болуп турат. Биздин өкмөткө Кытайдын аталган  шаарындагы салык башкармалыгы дагы акча төлөп турабы?  Жада калса  социалдык колдоо боюнча талап кылынган документке дагы “Цзимо” шаарынын  социалдык колдоо жана иш башкармалыгы тарабынан алынып келинген документтер тиркелгенин угуп кулагыбыз тикчийди. Тиешелүү мыйзамдарда Кыргызстандын ичинде катталган  компаниялар гана  ар кандай тендерлерге катыша алаары жазылып турганына карабай, алардын аракетине бали десек болот. Эгерде “Лонг Хай” компаниясы чын эле биздин  мамлекетте каттоодо турган болсо, эмнеге “Цзимо” шаарынын   салык башкармалыгынын  аныктамаларын бизге алып келип, кыргыз мыйзамын сыйлабастыгын көрсөтөт? Эмнеге биздин жерге алар салык төлөгөн эмес? Тендерге катыша турган ар бир компания   Кыргыз Республикасынын  талап кылынган салыктарынын баарын  төлөп туруусу керек экенин эске сала турган болсок, анда аталган компаниянын жогорудагы аракеттерин ким көзөмөлдөйт? “Кызмат кылып берет элем” деген кытайлык туугандарбы же кызматын кыйшаюусуз аткартып, өз мыйзамдарынын эгеси болгон кыргыз кызматыбы? Жаңылбасак, биздикилер болсо керек эле. Кашайып, кайсыл кара текени сүзүп аларыбызды ким билсин, мүмкүн биздин казанчы “шептер” каалаганын кыла берген жерде, мүмкүн баары боло береттир. Аргабыз канча, айга учуп кетет белек. Бирок, адилеттик менен чындыкты айтып койсок, миң кулактын бирөөсү дүлөй болбой, жүз баштын бирөөсүнүн мээсинин быржыгы бар болуп калаар деген эле үмүт. Чындап келсе, мунун баарын каржы министрлиги тыкыр көзөмөлгө алып турушу керек болчу. Эмнеге алар кош көңүл болушкан?  Тендер жарыяланганча Кыргызстанда аты жыты билинбеген  компания менен  транспорт министрлиги кантип   келишим түзгөнү да кызык.  Тендер  17-октябрда жарыялангандан кийин 12 күндүн ичинде 4 компаниянын бардык документтерин комиссия карап бүтүп, анан калса аз убакыттын ичинде жогорудагы кытайлык компанияга  кармата салганы да жөн  жерден болбогондугун каңкуулайт. Анан кантип эле бул жерде бир мандемдин болбогондугуна шек санабай каласың. Анын үстүнө көп нерседен оозубуз күйбөй, көзүбүз көп нерседен ачылбаган болсо бир жөн эмес беле. Кебетеси, кытайлык компаниянын “крышасы” бийликтин бийигинде турат окшобойбу. Болбосо мынчалык чагылгандай ылдамдыкта тендерди утуп жаткан кытайлык “балакай” башчылардын сыйкырдуу таягы барбы дебеске арга канча. Маалыматтарга караганда бул компаниянын банктык ишенимдери дагы жок экендиги айтылууда. Жол салмакчы алардын ал турсун техникалары дагы ижарага алынгандыгы боюнча да маалыматтар бар. Өз кезинде күркүрөтүп жол салып, далай элдин ак батасын алса бир жөн эле. Кашайып бул кытай туугандар кезинде болгону техникалык шаймандарды сатып келгени гана болбосо, жол куруп, жооптуу иштерди жасабагандыгы да “Кыргызстанда баарын жасаса боло берет” же “эптеп акча жасоонун амалы гана” деген кепке барып такалаарына ишенүүгө болот. Албетте, компания техникасын ижарага алабы же сатып келеби, ал алардын иши деңизчи. “Ак мышыкпы, кара мышыкпы чычкан алса болду” дегенибиз менен Кыргызстандын абалы экспертизалык, укуктук айтор ар кандай текшерүүлөргө келгенде, кемтиксиз алардын ишин тыкыр изилдеп, өлкө үчүн өлө сонун жолду куруп жатканына баасын бере алабы? Ал жагыбызды деле “адалдап”  коюшса кантебиз. Антпейт деп кимиң кепил боло аласың? Бул сөзүбүздүн башы гана болуп турсун. Кызыктар менен “кыйындардын” кырмычык жегиси келген келме кезектери кезеги менен каз катар калкыйт окшойт…

Асан Акжолтоев

Булак: “Эл деми”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: