Menu

Googleдан дагы бир жаңылык

Бөлүшүү:

Эгерде сиз артымдан аңдып жүрүшпөсүн деп чочуласаңыз анда бул жаңылык сизди анчалык кубантпасы анык. Google компаниясы PlaNet деп аталган жана кандай гана сүрөт болбосун, кай жерде тартылганын аныктай алуучу нейрон торчосун ойлоп табышты. Жасалма интеллект үйрөнүү процессинде геотегдерди пайдаланат, а келечекте болсо мунсуз эле сүрөттүн кай жерде тартылганын так айтып бере алат.

Googleдун адистери тажрыйба ишинде 90 миллиондон ашуун сүрөттөрдү пайдаланышкан. Анын жүрүшүндө жасалма интеллект алардын кайсы мамлекетте тартылганын 28,4 пайыз, кайсы континентте тартылганын 48 пайызга чейинки тактыкта аныктай алган.

Ал 3,6 пайыздык тактык менен сүрөттүн кайсы көчөдө тартылганын да биле алсада 10 пайыз учурда шаарды да таба алган. Долбоордун автору – Тобиас Вейланд. PlaNet системасы компьютердин болгону 377 мб. орунун гана ээлери да таң калыштуу. Бул болсо келечекте бул системаны мобилдик телефондорго да орнотконго мүмкүндүк берет. Анан? Кайсы бир сүрөттүн кай жерде тартылганы атайын кызматтагылар үчүн гана кызык эмес да.

 

Булак: “Багыт.кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: