Menu

Жолдошбектин Анарасы чөнтөгүн анан телефонун текшербейт

Бөлүшүү:

«Даңазалуу доор» сериалынан кийин өкүмдар атка конгон актер Жолдошбек Жанжигит уулу келинчегин Москвадан тапкан. Таластын кызы кымбатка түшүп калат деп чочулаган деле эмес. Анткени, табышкан жубайлар студент кезинде эле Москвадан баш кошуп, ошол жактан никеге турушкан.

Учурда жубайы Анара менен эки уул, бир кызды тарбиялап жаткан кездери. Келинчеги чөнтөгүн, телефонун текшербегенине ичи жылыйт. Кээде актер бир айлап гастролго кеткенде телефон чалып «тигил чөнтөгүмдө мынча акча бар, алып керегиңе жарат» демейин тийбейт.

Экөө тең актер болгондуктан мурда гастролго чогуу чыгышчу. Үйдө патриархат. Хандын тукуму экенин мезгил-мезгили менен эскертип, керектүү жерден кабакты түйүп турат. Анан да балдары өзүн тартып сүйлөөк болбосо дейт. Майрамдарда келинчегине жакшы белек берип, көңүлүн алып турганды унутпайт.

 

Бегайым БАЙБОСУНОВА

Булак: “Жаңы Агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: