Бишкек шаарына мэр болуп жарытылуу иш жасай албай, өз каалоосу менен кызматтан кеткен Кубанычбек Кулматов орус-кыргыз өнүктүрүү фондуна төрага болуп жакын арада дайындала турганы айтылууда. Шaap үчүн кыйратып иш кылбаса да, Атамбаевдин алкоосуна татып, таштандылардан шаарды тазалоо үчүн эч ким ойлоп таппаган планды ойлоп таап, президенттин генийине айланган Кулматовдун кайрадан майлуу орунга дайындалып жатканы көптөгөн бүдөмүк ойлорду жаратат.
Аталган фонддун каражатынын 90 пайызы орустардын банкында сакталып турганы да көпчүлүктү таң калтырган. Орус тарап биздин жетекчилерге ишенбегендей мамиле жасаганы ушундан эле билингендей болгон. Кулматов Кремлдин кадры деп буга чейин эле айтып келген. Өткөн жумада президент Атамбаев орустарга жасаган иш сапарында маанилүү келишимдерге кол койбогону менен Кулматовдун кийинки кызматын чечип келгендей болууда.
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ