Menu

Султан Раев: “Кыргыз тарыхы байып жатат”

Бөлүшүү:

Белгилүү драматруг, тарых жана маданият жылын уюштуруу жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Султан Раев быйылкы жылдын шарапаты менен бир катар манданий жана тарыхый жакшы саамалыктарды жасап калууга жан үрөп жаткан кези. Кытайдагы иш сапарында бир катар окумуштуу, тарыхчылар менен жолугушуп келди.

Анда Кытай тарап “Кытай жазуусундагы кыргыз тарыхы” аттуу китептин мазмуну менен тааныштырган. Авторлор биринчи жолу кыргыздар тууралуу айтылган маалыматтар биздин доорго чейинки 525-жылга туура келерин билдиришкен. Мында Кыргыз каганаты тууралуу сөз болуп жатканы китепте жазылган.Буга чейин Кытай жазма булактарында биздин заманга чейинки 201-жылга туура келген гана маалыматтар белгилүү болчу.

Эми кыргыз элинин тарыхы күн сайын байып баратат. Бул тарыхый маалымат Кыргызстандын тарыхчылары үчүн белгилүү эмес, Кытайдын илимпоздору Кыргыз каганаты Барсбектин учурунда гана эмес, биздин доорго чейин да болгонун далилдеп жатканын билдирди Султан Раев. Мындан ары тарыхыбызды байытуу максатында Кыргызстан тарап бул китепти кыргыз жана орус тилине которуу иштерин башташты. Ошондой эле быйыл Кыргызстанда Кытай окумуштуулары менен биргеликте илимий-тажрыйбалык иш-чара уюштуруу каралып жатат.

Булак: “Эгемен”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: