Menu

Эрнис Кыязов, тележурналист: ” Жылаңач падыша”

Бөлүшүү:

Илгери-и өткөн заманда бир падыша жашаптыр, ал ар кандай түркүн түс көйнөк-көчөк кийип эл астына чыгып мактанганды жакшы көрчү экен, акчасынын баарын улам жаңы көйнөк кийип элге мактанып чыкмайга жумшачу. Аскерлеринин астына тек буйрук берүү үчүн чыгабы, же театрга барабы, а турсун токойго эс алууга жөнөсө деле жаңы тигилген кезектеги шумдук көйнөгүн кийип алаар эле. Ар саат сайын падыша үчүн жаңы көйнөк тигилип, жарыктык падыша аны дароо кие калып жаркылдап элге чыккандан тажачу эмес. Эл ичинде аны “көйнөк сүйгөн падыша” деп да атап алышкан.
Падыша жашаган шаар түйшүгү күжүлдөгөн чоң калаа болгондуктан ат тезегин кургатпай ар өлкөдөн коноктор келип тураар эле. Күндөрдүн бир күнүндө шаарга эки алдамчы келет. Алар өздөрүн “тикмечибиз” деп элди алдап, дүйнөдө жок көйнөк тиге алаарын айтышат. Тим эле көздүн жоосун алып, оймолору келишкен ал керемет көйнөктүн жиби өтө бир сыйкырдуу жип экендигин сүрөттөшүп, сыйкыр жип менен тигилген көйнөк көзгө такыр көрүнбөстүгүн, көйнөктүн көрүнбөс экенин өтө аңкоо же иштеп жаткан жумушуна татыксыз адам эле байкабаса ал ажайып көйнөк сыйкырдуу касиетке ээ экендигин эки алдамчы “тикмеч” шилекейи чачырай мактанышат.
Эл арасында бул окуя дуу-дуу сөз болуп, керемет көйнөк таржымалы падышага да жетет. “Ошондой көрүнбөс көйнөк болсо кана!”-деп кыялданат падыша. – Көрүнбөс көйнөктү кийип алсам өлкөмдө ким өз жумушуна татыксыз экенин билип алат элем. Анан да адамдар арасынан акылдары кайсы, аңкоолору кайсы айырмалоого да мүмкүнчүлүгүм болот экен. Кана эмесе, ошол көйнөктү тезинен мага тигип беришсин!” –деп падыша шаша-буша вазирлери аркылуу алдамчыларга чоң акча жөнөтүп тезирээк керемет көйнөктү тигип бүтүрүүгө тапшырма берет.
Алдамчылар болсо эки тигүүчү станокту астына коюп алышып иштегендей түр көрсөтүп жумушту башташат, а станокто болсо жип-шуусу да жок, кездемеси да жок. Экөө тең сыр бербей падышанын вазирлерине кайрылышып, ипичке жибек кездеме жана таптаза чылк алтын керектигин айтышат. Тигилер айткан нерселерди алып келгенде алтынды чөнтөккө солошуп, баягы эле эчтемеси жок бош станокто олтуруп алышып, түн бир оокумга чейин иштеген түр менен күжүлдөшөт.
“Иш кандай жүрүп жатканын бир барып көрсөм болот эле!”-деп падыша саамга ойлонуп, бирок сыйкыр көйнөк аңкоо адамга же өз жумушуна татыксыз адамга көрүнбөйт деген сөздү эстеп, өзүнө канчалык бекем ишенип турса да кол астындагы эле бирөөнү жөнөтүүнү туура көрөт. Падыша үчүн шумдук көйнөк тигилип жатканын шаардын эли да билип, шаардыктардын ар бири көйнөк батыраак бүтсө, кошунасы аңкоо же соо экенин, татыксыз же татыктуу экенин эртерээк биле калсак,- деп чыдамы кетип жатты. “Тикмечилердин ишин байкап келүүгө өтө көп жыл иштеген , калп айтпаган, чынчыл министримди жиберейин!”-деп чечимге келет падыша. – Ошол министрим гана барып көрүп келүүгө жарайт, ары акылдуу, ары өз ишине татыктуу!”
Ошентип падышанын көздөй ишенген министри эки алдамчынын ишканасына барып баш бакса, тигил экөө бош эле турган станокто иштемиш этип коюп олтурушат. “Кудай сакта! Мен эч кандай деле көйнөктү көрбөй турам го!?”-деп министр көзү чанагынан чыга таң калып, бирок оюн сыртка чыгарбай, ичинен күбүрөнөт. А алдамчылар болсо министрдин станокко жакыныраак келип жакшылап кароосун, көйнөктүн оймолору кандай кооз түшүрүлүп , боектор менен кандай кооздолуп жатканын айтышат, шүмшүк тикмечилер бош эле станоктун аны-мунусун көрсөтүп жатканын көргөн байкуш министр көзүн канчалык чоң ачпасын баары бир эч кайсы көйнөктү көрбөйт, себеби тигилер жок эле көйнөктү мактап-жактап апыртып атышкан да. “Кудай сакта! Мен чынында эле аңкоомунбу? Эч убакта ушундай болот деп ойлобоптурмун! Бирок муну эч ким билбеши керек! Мен эмне,.. азыркы министрлик ордума татыксыз белем? Жок, көйнөктү көрбөй жатам деп эч качан айтпашым керек!”-деп ичинен толгонот министр. “Көйнөктү го көрсөттүк, кана, кандай тигилиптир, эмне ой айтасыз?”-дешет алдамчылардын бирөө. “О бул кандай керемет! Эми сөз жок ажайып экен, оймолорун кара, боекторун кара, кандай керемет! Мага бул көйнөк өтө жакканын падышага кабарлайм!””дейт министр. Алдамчы тикмечилер ыраазылыгын айтып, падышага көйнөктүн оймолору, боектору кандай укмуш түшүрүлүп жатканын маалымдап коюсун айтышат. Көптү көргөн какбаш министр тигилердин айткан сөзүн ар бирин кунт кое жаттап, укканын уккандай падышага жеткирет.
А алдамчылар болсо дагы акча , кичине жибек кездеме жана алтын керектигин, анын баары көйнөктү кооздого өтө зарыл болуп жатканын айтышып, адаттагыдай келген акча менен алтынды чөнтөккө салып, анан баягыдай эле бош станоктун жанында күжүлдөп иштеп аткандай түр көрсөтүп олтура беришет. Бир нече күндөн чоң чыдамы кеткен падыша дагы бир ишенген министрин көйнөктү көрүп келүүгө жөнөтөт. Бул министри деле мурунку министрдин кебетесин кийип, адегенде таң калып, анан эч кимге аңкоо көрүнгүсү келбей, иштеген ишине татыксыз экен делинип шермендеси чыгып жумушунан кол жууну каалабай, бош станоктун жанында көйнөк-мөйнөгү жок эле олтурган алдамчыларды көрсө да көрмөксөн болуп, керемет көйнөк тигилип жатканын падышага сүйүнчүлөп келет. Падышага арналып тигилип жаткан көйнөк баяны эл арасында күндөн күнгө күчөп, көйнөктүн ажайыптыгы, кереметтиги тууралуу кептер ого бетер дуулдайт. Эл арасындагы сөздөргө оолугуп, кантсе да көйнөк станокто тигилип жаткан кезинде бир көрүп коюну катуу каалаган падыша вазирлерин, жардамчыларын, кеңешчилерин, акыл айткычтарын, алардын катарында баягы көйнөктү буга чейин барып көрүп келген эки министрин кошуп алып алдамчы тикмечилердин ишканасына келишет. Карашса эки “тикмечи” күчүнүн болушунча күжүлдөп бош станоктун жанында катыра иштеп жатышкан болот.
“Кандай укмуш көйнөк! Туурабы!? Эгер уруксаат этсеңиз, урматтуу падыша, көйнөктүн оймолорун, боекторун жакындап барып жанынан көрөлү!”-деп баягы эки чиновник ийилип, бүгүлүп эчтемеси жок бош станокту сөөмөй менен көрсөтүшөт. “О кокуй! Бул эмнеси,..мен эчтеке көрбөй турам го! Мен ушунчалык эле аңкоомунбу? Же мен эмне, падышалык ордума татыксызмынбы?”-деп ичинен күбүрөнгөн падыша саамга ойлоно түшөт да, анан селт эте: “О, чынында кандай керемет көйнөк! Эң мыкты деген баа бердим, жарайт, жараганда да кандай жарайт, мага жакты!”- толкундана сүйлөйт. Падыша көрбөсө да көрүп тургансып бош станктордун айланасын аспиеттеп карап, анын артында коштоп жүргөн коштоочу кишилер да падышаны туурап жок эле көйнөктү суктана карашып: “О бул кандай керемет!” дешип, а түгүл падыша жакында салтанаттуу түрдө эл аралап чыгаарын, аны үчүн жапжаңы , эң кымбат кездемелерди колдонуп, көйнөк тигилип бүтүшү керектигин айтышат. Айтор тикмечилердин ишин көрүп баары толкундана сүйлөшүп, көйнөктүн кандай укмуш тигилип жатканын кеп кылышты. Падыша болсо тикмечилердин түйшүктүү ишин баалап, рыцардык крест менен сыйлап, аларды падышанын короосундагы жеке тикмечилик ишке алуу тууралуу өкүм да чыгарып жиберди.
Падышанын салтанаттуу жүрүш боло турган күнү жакындаган сайын эки алдамчы тегерегине ондогон шамдарды жагып, күнү да, түнү да кандай аракет менен иштеп атканын эл көргүдөй түр менен иштеп жатышты. Акыры бир күнү экөө станоктон көйнөктү алып жаткандай кыймылдарды кылышып, колдоруна кайчы алышып, шакылдатып эле абаны кескилешип , жиби жок эле ийне менен бирдеме тигип аткансып акыры: “Мына көйнөк да тигилип бүттү!”-деп жар салышты. Көйнөк тигилип бүткөнү кабарлаган падыша айланасына эң ишенимдүү, элге атактуу вазирлерин, министрлерин, кеңешчилерин коштотуп алып тикмечилерге баш багат. Тикмечилер болсо көйнөк кармап тургансып колдорун бийик көтөрүшүп: “Мына ич кийими, мына кемсели, мына бел курчанган кемери! Баары жөргөмүштүн желесинен бетер жепжеңил! Муну кийген адам көйнөктүн жеңилдигинен денесинде эч бир кийим кийбей тургансып өзүн өтө жеңил сезет, бул көйнөктүн сыйкыры да, керемети да ушунда!”-дешип падышаны күзгүнүн жанына алып келишет да: “Эми улуу урматтуу падыша, кийип турган кийимиңизди чечиңиз, биз жаңы керемет көйнөктү кийгизели!”-деп күлмүңдөшөт. Падыша дырдай жылаңач болуп чечинет, алдамчы тикмечилер болсо ага жаңы кийимди кийгизип аткандай кебетеленип, шымын, көйнөгүн, кемселин, курун “кий кийгизип аткандай кебетеленип, шымын, көйнөгүн, кемселин, курун “кийиндиришет”, эн аягында чачпакты кармап туруучу темирди көкүрөгүнө таккандай түр кылышат. Күзгү астында ары айланып, бери айланып өзүн сыймыктуу караган падышанын коштоочулары: “ Ах кандай укмуш! Сизге куп эле жарашат экен да! Саймаларын кара, боекторун кара! Сөз жок, керемет көйнөк!”-дешет бир ооздон. Падышанын чачпагын көтөрүп жүрүүчү атайын кишилер чакырылып, алар да жаңы көйнөккө бир сыйра суктанышып, анан падыша эл астына чыгып, шаңдуу басат. Эл арасынан суктанган, тамшанган мактоолор жаап кирет: “Падышанын жаңы кийими керемет экен! Чачпагын карагылачы, кандай укмуш! Кемсели зынкыйып жакшы жарашыптыр!”. Эл арасынан эч бир адам падышанын денесинен эч кандай көйнөк көрбөй атканын айткысы келген жок, анткени ошентип айтаары менен элдин баары аны аңкоо же өз ишине татыксыз адам деп ойлоп калмак да! Падышанын буга чейинки көчөгө кийип чыккан көйнөктөрүнүн бирине да эл бу жолкудай таң калган эмес, баары чындап суктанып жатышты.
“Апээй, падыша жылаңач турбайбы!”-деген кичинекей балакайдын үнү чыкты бир маалда эл арасынан. “Бейкүнөө баланын айтып жатканын кара!”-деп сүйлөндү балакайдан атасы жылмая. Ошондон кийин баары балакайдын айтканын бир бирине шыбырай баштады.
“Падыша жылаңач тура! Тигине балакай айтып атпайбы аны жылаңач деп!
Бара бара элдин баары: “Падыша жылаңач экен!” деп кыйкырып киришти.
Падыша болсо өң-алеттен кетип, ички туюмунда “..эл чын эле айтып жатат окшойт..” деп саамга бүшүркөп, бирок кайра өзүн ойлоп “..мынабы салтанаттын аягына чейин эптеп чыдашым керек..” деп тиштенди. Эл канчалык кыйкырган сайын ал ого бетер моюнун койкойтуп, башын бийик көтөрүп, артында болсо чачпак көтөрүүчүлөр жок эле чачпакты “кармап” алдыны көздөй сыймыктуу баратышты…
** Лирикалык-саясий чегинүү…
Жогорудагы чыгарма Г.Х. Андерсендин калемине таандык жомок. Ошол чыгарманы мен орусчадан кыргызчага , түпкү маанисин бузбаганга болушунча аракетимди жумшап ушундайча котордум.
Баары улуу урматтуу падышанын көйнөгүн мактап-жактап, кошоматтанып жатса, оюнда эч жаманчылыгы жок бир балакай падышанын жылаңач экендигин айтып жиберген учур Андерсен сүрөттөгөн доорлордо гана эмес, ушу биздин заманда да болуп жатканына таң калып, ушул чыгарманы которгон кезим. Президентибиздин “жылаңачтыгын” Фейсбукка пост кылып жарыялай койгон күндөн бери падышанын көзүнө “аңкоо көрүнгүсү келбегендер” менен “өз жумушуна татыксыз көрүнгүсү келбегендер” өтө ынтымакташып мендей “аңкоо, келесоо, өз ишине татыксыз, акмак.ж.б.у.с.) балакайды жакшы эле жамандап атышат. Баарыбыз Кудайдын жараткан продуктусу болгондуктан, мен өзүмдү Кудайдан жогору коюп тигил же бул мени жамандоочу пенделерди кемсинткен, аларды капа кылган сөздөрдү айтпай эле коеюн, анткени Кудай кимибиздин кандай экенибизди бизден да жакшы билүүчү.
Менин НТС телеканалынан кеткениме байланыштуу Президенттин Басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаз Усөнов деген иним “НТС жеке телеканал, Кыязовду жумуштан алабы-коебу телеканал жетекчилигинин өзүнүн иши, ага биздин тиешебиз жок..” деген мааниде “Азатыкка” сыпайы маек бериптир.
Юлия Барабина деген жүрналис карындашым да Фейсбук баракчасына Ак Үйдөгү басма сөз кызматынын жетекчисинин билдириүүсүнө окшош пикирин жарыялап, “Кыязов Бабановдун менчигиндеги жеке телеканалдан жумуштан кетип жатып, аны АШАдан көрүп жатканы кызык..” деп колунан келишинче билгизбей бийлик үчүн тошүн дзотко тосууга аракет кылыптыр.
Чынында эле суроо пайда болот: “Кыязов жарыялап койгон посттон кийин Атамбаев же анын айланасы Бабановго “балакайды кетир!” дедиби же Бабанов өзү эле Кыязовдун “тентектиги” үчүн падышанын каарына калбоонун алдын алып НТС жетекчилигине кетирүү тапшырмасын берип көз ымдадыбы?” деген. Жооп бирөө, биздин алакандай Кыргызстанда эмненин, кандай болоорун баарыбыз жакшы билип, көрүп турат эмеспизби…
Кыскасы, мен баардык тарапты туура эле түшүнөм, азыркы саясый шартта Алмаз Үсөнов инимдики да, Барабина карындашымдыкы да, мени шыбап-туздап чыкчу маалымат каражаттарыныкы да, а түгүл НТС жетекчилиги менен анын башкы кожоюнунун карманган позициялары да тупа туура, мындан башкача болушу да мүмкүн эмес. Падышабыз Алмаз Шаршеновичтин көйнөгү кандай керемет, кандай укмуш! Анын үстүнө падышабыздын салтанаттуу жүрүшүнүн бүтүшүнө да 1 эле жыл калды, мага окшогон “аңкоолор”, акылы өсө элек “балакайлар” канча кыйкырса кыйкыра беришсин! Бойду түзөп, башты бийик көтөрүп, жок эле чачпагыңызды бар сыяктантып кармап жүрүшкөн артыңыздагы вазирлериңизге бекем ишенип, алдыга сыймыктуу, кере-кере кадам таштап баса бериңиз! Ура! Ура! Ура!
Урматым менен балакай журналист Эрнис Кыязов.
P.S. Кечээ кечинде журналисттердин укугун коргоп жүргөн медиа адистердин бири Бегаим Усенова фейсбук аркылуу мага жазып, соттошуп, укугумду коргоп берүүгө даяр экендигин билгизди. Сүйүнүп калдым “коргоп берели..” деп байланышып койгонуна. Бегаим карындашым сага рахмат, бирок ошону тим эле коелу. Анткени, мен илгери соттошуп-чырдашып акыры бийлик тартып алып койгон КООРТ телекналында, ызылдатып атып акыры бийлик жулуп алган Ош ТВ деген телеканалда иштеп , падышачыл соттор менен тирешүүнүн аягы эмне менен бүтөөрүн жакшы түшүнүп калган эстүү журналистмин. Дагы бир жолу сага алкыш, өмүрлүү бол!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: