“Ошто 2010-жылы болуп өткөн окуяларга жол бергенибиз үчүн бизге уят. Андай окуялар эми кайталанбаш керек. Кыргыздар башка улуттарга үстөмдүк кылбаш керек”, – деп билдирди бүгүн, 16-мартта Ош шаарында Алмас Атамбаев.
“Ош Кыргызстандын эң байыркы шаары. Оштон кимдер гана чыкпаган. Мен Индия менен Пакистандын жетекчилери менен жолукканда айткамын “биздин Оштон чыккан ата-бабалар силерди башкарган, Тажи-Махалды курушкан” деп. Менин ата-бабаларым Чүйгө барса мени Чүйдүн эли президент кылышты. Биз дайыма Ошту бузукуларга берип коёбуз. Бузукулар келсе таш бараңга алып өлкөдөн кууп чыккыла! Жер баарын көтөрө берет, адам басабы, ит басабы баарын көтөрөт. Жерге дарбыздын уругун таштасаң дарбыз өсүп чыгат. Адам дагы жердей, суудай болуш керек. Анын үстүнө адам дагы составы боюнча 80% суудан турат”, – деди Алмас Атамбаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ