Menu

Кыргызстандын эли бактылуу деле эмес, бактысыз элге да кирбейт, бирок жакыр өлкө экенибиз анык!!!

Бөлүшүү:

Гезиттин өткөн санында Улуттук банктын монетардык саясаты тууралуу кеп кылып, сомдун курсунун туруксуздугунун себептерин айтканбыз. Бул жолу анда келтирилген себептердин кесепети жөнүндө кеңири сөз кылмакчыбыз.

Сомдун туруксуздугу жана Молдова схемасына окшоштуктар

Өткөндө сөз болгон сомду туруксуздукка алып келген себептерге окшош дагы бир мисалды келтире кетпесем болбой турат. Молдова  өкмөтүнүн Улуттук банктагы акча эсебине башка өлкөлөрдөн жана дүйнөлүк донордук-кредиттик уюмдардан насыя, грант (садага) каражаттар келет (евро, доллар менен). Ал эми өкмөт улуттук акчасы лей менен бюджет аркылуу сарпташ керек. 2012-жылы Еврокомиссиянын чечими менен бул өлкөнүн өкмөтүнүн эсебине ЭВФ (Эл аралык валюта фонду) 240 млн. доллар насыя (кредит) берген. Аны Улуттук банк өзүнүн резервине салат дагы, курс менен жаңыдан басылган 3,6 млрд. лейди молдова өкмөтүнүн казынасына которуп берет. Өкмөт бул акчаны бюджет аркылуу коротот. Өкмөттүн чыгашасы, кимдир бирөөнүн кирешеси болот эмеспи. Андыктан бул 3,6 млрд. лей акырындап  экономикага агылып кирет. Бирок эл жана ишканалар «кирешелерди долларга которуп коёлук, лей  арзандап кетет» дешип, доллар ала баштаганда суроо-талаптын көбөйүшүнөн улам доллар лейге  карата кымбаттай  баштайт.

Экинчиден, экс-премьер-министр Владимир Филат Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) Улуттук Банк менен Финансы министрлигине карызды кайтаргыла дегенде  лейдин курсун (60-70%га чейин) кунун атайлап кетирет. Доллардын кымбатташы ушундан келип чыгат. Анан кийин кезек Улуттук банкка келип жетет. Башкача айтканда, доллар кымбаттап жатат деп эл дүрбөлөңгө түшкөндө Улуттук банк баягы өзү басып чыгарып, өкмөткө берген лейди ЭВФ которгон долларга кайра сатып ала баштайт. Бирок Улуттук банк өкмөткө бергенде доллар курсу лейге арзан  болсо, кайра ошол лей сатып алгыча бир далай убакыт өтөт, доллар кымбаттап, буга байланыштуу 3,6 млрд. лейди курсту кармайбыз, эмиссия жасадык деген кылып, Улуттук банк кайра 150 млн. долларга сатып алып, ортодо 100 млн. доллар пайда көрөт. Ушул коррупциялык схемалар менен экс-премьер-министр Владимир Филат бир миллиард өз пайдасына уурулук жасап, учурда түрмөдө отурат. Мындай схемалар кембагал донорлордун эсебинен жашаган өлкөлөрдө (Нигерия,  Сомали, Камерун, Зимбабве, Украина) дайыма колдонулуп мамлекеттердин экономикасынын кыйроосунун себеби болгон. Табылган акчалар шайлоолордо жана өз кызыкчылыктарына  иштетишкен. Ортодо азар тарткан карапайым молдова эли болгон. Монетардык саясаттын Кыргызстандагы башаламан фактыларынан улам айтарыбыз, Молдова схемалары  Кыргызстанда дагы сомдун кунунун түшүү себептери болушу мүмкүн.

Өнүкпөгөндүгүбүздүн айрым себептери

Эми сөздү экономикабыздын тереңдеги илдеттерине буралы. Кыргызстан тез өнүгүп бараткан жаңы дүйнөдө өз ордун таппай келет. СССР ыдырагандан кийинки жыйырма беш жылда Кыргызстандын эли “эптеп жан багуу” мезгилинде жашап жана көп жагынан бул “колдон чыгарылган мүмкүнчүлүктөр” мезгили катары бааланды. Кырдаалды жакшыртууга, анын ичинде донор-өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын олуттуу колдоосу менен жакшыртууга бир нече жолу аракеттер жасалган (“Өнүктүрүүнүн комплекстүү негиздери” программасы (2001-ж.), “Кедейликти кыскартуунун Улуттук стратегиясы” (2003-ж.), “Жаңы экономикалык саясат” (2009-ж.), “2013-2017-жылдардын мезгилине “Кыргыз  Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн  Улуттук стратегиясы”.

Бирок өлкө єткєн мезгилде мамлекетти башкаруунун натыйжасыздыгынан, коррупциядан, ошондой эле айрым мамлекеттик түзүмдөрдүн криминалдашуусунан улам, аталган программалар өлкөнү өнүктүрүүгө түрткү бере  албай, кєздєгєн максатына жеткен жок.

Экономикалык өсүш темпинин туруксуздугу, социалдык саясаттын так эместиги жыйырма беш жылдын ичинде өлкө аң-сезимдүүлүк менен тандап алган, элдин басымдуу көпчүлүгү колдогон багыт калыптанбагандыгын айкын далилдеп турат.Эгемендүү мамлекет жашап турган мезгилдин ичинде биз кандай өлкөнү курушубуз керек экендиги, Кыргызстандын келечеги кандай боло тургандыгы жөнүндө жалпы бир пикирге келе элекпиз. Мамлекеттик саясаттын ыраатсыздыгы жана максатка багытталбагандыгы экономиканын артыкчылыктуу секторлорун өнүктүрүүгө көмөк көрсөткөн жок.

Ирдентпеген индексация

Индексациялоо (лат. index – көрсөткүч, реестримен, аталыш) – керектөөнүн эң аз себетинин курамына кирген кеңири керектелүүчү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүшүнө карата калктын кирешелерин автоматтык түрдө ирээтке келтирүү механизми. Акчалай кирешенин баардык түрлөрү – эмгек акы, жөлөк пул, стипендия, аманаттар жана башка бир ирет гана төлөнүү мүнөзүнө ээ болбогон кирешелер индексацияланат. Ошондой эле калктын сактык кассаларындагы аманаттары, мамлекеттик карыздардын облигациялары жана баалуу кагаздар, төлөмдөрдүн айрым түрлөрү индексациялоого жатат.

— 1990-жылы пенсиябыздын орточо өлчөмү 112,50 рубл, орточо айлык акыбыз 259 рублди түзүп, 1 кг. нан 16 тыйынды (копеек) түзгөн болсо, орточо пенсияга 465 кг., орточо айлык акыга 1650 кг. нан сатып алсак, учурда  көрсөтүлгөн нандын өлчөмүн сатып алууга бүгүнкү нандын баасы менен ай сайын пенсия 40 миң, айлык акы 100 миң сом болушу шарт. Экинчи факт — сомдун курсу 60 сомдон ашып, Америка долларына салыштырмалуу 20 эсеге жакын нарксызданды (сом киргенде 1 доллар 4 сомду түзгөн). Бул убакыт аралыгында долларды алтынга айырбаштаганда 10 эсеге жакын куну кетти. Демек, эгемендүүлүктүн 25 жылында нарксыздануу (инфляция) 30 эсеге же болбосо 3000 пайызга жакындап, эл турмушун, жашоо-шартын оордотту! Ушул белгиленген мезгилде жыл сайын орточо инфляция 100 пайыздан ашып, турмуш-шартыбыз 25 жыл ичинде ай сайын 10 пайызга жакындан төмөндөп келди. Мындан бир гана  жыйынтык чыгара алабыз — 25 жыл ичинде бийлик эл турмушун оңдоо үчүн реалдуу иш жасаган эмес!  Ушул аралыкта 4 президент, 6 ирет парламент шайланды, 25 жолу өкмөт алмашты. Буга далил катары Кыргыз єкмөтүнүн Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба агенттигинин Улуттук статистикалык комитетинин катышуусунда иштеп чыккан көрсөтмөсү боюнча курулуш иштер боюнча жыйынтык индекс баасы (сводный индекс цен) 2015-жылдын 1-кварталына (01.01.1991-жылдагы баага салыштырма) – “23429” болуп белгиленгени. Кызыгы, бул көрсөткүч 2014-жылдын 1-декабрына “20419” болгон. Же болбосо инфляция бир ай ичинде 14.7%ды тїзгөн. Туура эмес нерсе ушул индекс (коэффициенттер) пенсияга, айлык акыларга колдонулбайт. Эгер колдонгондо учурда пенсия – 40 миң сом, айлык акылар 100 миң сом чамасында болмок.

Инвестиция деген эмне?

Финансылык сабаттуулук үчүн инвестициянын маанисин келтирелик:

Инвестиция – таза пайда  табуу максатында жайгаштырылган капитал (акча).  Инвестиция учурдагы өнүккөн экономиканын ажырагыс бир бөлүгү болуп эсептелинет.  Насыядан (кредит) инвестициянын айырмасы тобокелчиликтин (риск) тепкичи инвестордо —  насыя (кредит) жана үстөк  пайызы  көрсөтүлгөн  мөөнөттө долбоордун пайдалуулугуна карабай кайтаруу керек, инвестиция (капитал – акча) долбоор пайда бергенде – тапкан пайданын эсебинен кайтарылат. Долбоор пайда бербеген учурда, инвестор салган каражатынан (капиталынан – акчасынан) айрылат. 2016-жылга бекитилген республикалык  бюджетте “мамлекеттик инвестициялык долбоорлор” жөнөкөй насыялардын  эсебинен каржыланган мамлекеттик долбоор болуп саналат.

Инвестор — (англисче inuestor — салымчы) – пайда табуу максатында активдерди, баалуу кагаздарды же кыймылсыз мүлктү, жер участкаларын жана башкалар сатып алуу аркылуу капиталды инвестициялоону ишке ашыруучу жеке адам же юридикалык жак. Инвестициялык долбоорду ишке ашырууда бюджеттен финансылоочу мамлекет, мамлекеттик субъект, финансы-кредит мекемелери да инвестор болушу мүмкүн. Инвестор өз өлкөсүнүн экономикасына же чет өлкөгө өзүнүн, карыз алынган же тартылган каражаттарын инвестициялоочу инвестициялык ишмердиктин субъектиси.

 Мамлекет жагымдуу инвестициялык климатты түзүүдө, ресурстарды тартууда жигердүү роль ойноого тийиш. Азыркы учурда өнүгүү үчүн кыйла ресурстарды тартууда мамлекеттин бизнеске караганда мүмкүнчүлүктөрү чоң экендиги талашсыз. Мында бул ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана өзгөчө єкмөттүн кепилдиги менен алынган кредиттерди кайтарып берүү маселеси келип чыгат.

Чет өлкөлүк тике инвестициялар өзгөчө маанилүү (ЧТИ), анткени алар башкаруу технологиясын жана тажрыйбасын алып келип, чет өлкөлөрдө жаңы рынокторду ачат. Инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан саясаттын натыйжасыздыгынан  ЧТИнин көлөмү көптөгөн жылдар бою чектелүү, ал эми өлкөнүн экономикасы жагымдуу болбой жатат. ЧТИ көлөмүнүн чектелүү экендигинин негизги себеби экономикалык өнүгүү деңгээлинин начардыгы жана өлкөнүн өндүрүштүк секторунун атаандашууга жөндөмдүүлүгүнүн өтө төмөндүгү болуп саналат. Ошондуктан инвестицияларды тартууда менчик укугун реалдуу коргоочу, ачык-айкын жана натыйжалуу иштөөчү мыйзамдардын болушун, мамлекеттик кийлигишүүлөрдү кыскартууну жана коррупцияны жоюуну, финансылык системанын туруктуулугун, чет өлкөлүк жана ички инвесторлор үчүн бирдей эрежелерди, инвесторлорго артыкчылыктарды берүүлөрдү талап кылат.

(уландысы бар)

Абдималик Кудайбердиев, экономист

Булак: “Жаңы Ордо”

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: