Menu

Жылдызкан Жолдошева, экс-депутат: “Өзбекстан тарап, “Кыргызстан бизге Унгар тоосун өткөрүп берсе жолду ачабыз” деген талап коюшкан”

Бөлүшүү:

«Кечээ, 22-мартта Темир Сариев: “Биздин өлкөнүн 1 сантиметр жери эч кимге берилбейт. Бул – Президенттин, Өкмөттүн так, ачык позициясы” деп карапайым калкка катардагы калпын айтып келди эле. Мына Өзбекстандын чек ара аскерлери Кыргызстанга кирип келгенине, Кыргызстандын жолдоруна тосмолорду коюп алганына беш күн болуп жатат. Менин угушума караганда Өзбекстан тарап, “Кыргызстан бизге Унгар тоосун өткөрүп берсе жолду ачабыз” деген талап коюшкан. Андан сырткары, биздин бийлик Жогорку Кеңештин макулдугу жок, ал тоону Өзбекстанга өткөрүп берип койгон деп жатышат. Чын эле ошондой болсо иш чатагына айланат. Бул ачык сөз. Менимче, Өзбекстан тарап деле бул маселени жөн эле жерден көтөрүп чыккан жок. Кырдаал кыйын” – деп билдирди бүгүн, 23-мартта kyrgyztoday.kg маалымат агенттигине  экс -депутат Жылдызкан Жолдошова.

“Унгар (Үңкүр-Тоого) тоосуна, тээ Совет заманында эле Кыргызстандын ретранслятору жайгашкан. Ал Жалал-Абаддын Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондоруна телерадио толкундарды таратып турат. Эгерде ал жерден маанилүү, баалуу техникалардын баарын көчүрүп кетсек, жергиликтүү калк, Өзбекстандын телеберүүлөрүн көрүп калышат. Ошондуктан Темир Сариев, өзү айткандай бул маселени дипломатиялык жол аркылуу тез аранын чечиши зарыл.

Кыргыз бийлигине, эч нерсе мисал болбой калды, өз кезегинде Исхак Раззаков атабыз “мен эмне иштеп, эмне бүтүрдүм? Ким үчүн эмгек кылдым? Эл калыс!…”Жакшы кызматкер болсоң да өзүңө, жаман кызматкер болсоң да өзүнө. Бирок жаман кызматкер болсоң зыяның элге тиер… деген экен. Жер, Унгар тоосу, анын чокусу  дагы биздики. Биз аны эч кимге бербейбиз. Такталбаган маалыматтарга караганда 2015-жылы 17-майында Аксы районундагы баардык жетекчилер тарабынан кол коюлуп, Унгар тоосун Өзбекстандын курамына кошуп беришкен деген маалымат тараган. Айтылган маалымат боюнча Өкмөт тез аранын ичинде Кыргыз элине туура же туура эмес деген маалыматты бериши керек”, – деди экс-депутат.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда чырлуу жерлер өтө эле көп. Алсак Аксы аймагында талашка түшүп такталбаган 38 жер бар. Ал эми Үзөңгү – Кууштун Кытайга берилиши кандуу каргашага алып келсе, Жогорку Кеңештин макулдугу жок экс-президент Аскар Акаев колду коюп, Каркыраны казактарга карматкан.

Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: