«Кербен шаарында Өкмөт башчы Темир Сариевдин тапшырмасы менен берилген кезексиз жыйын аяктады. Жыйында Аксы району боюнча жалпы 31 депутат болсо, 22 депутат катышып, Унгар тоосун (Үңкүр-Тоосу) Өзбекстанга өтүп кетишине “каршы” добушун берди»– деп билдирди бүгүн, 23-мартта Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине Аксы райондук жергиликтүү кеңештин депутаты Жанарбек Надырбеков.
“Кербен шаардык кеңешинин депутаттары Үңкүр-Тоо боюнча өкмөттүн сунушуна каршы чыкты. Андан сырткары, ал жерде Кыргызстанга тиешелүү телерадио сигналдарды таратуучу станцияларды көчүрүп кетпейбиз деп баары каршы болду. Көрсө, Өкмөт башчы Темир Сариевдин, 2015-жылы 23-ноябрда /№18-177/аталган жерди Өзбекстанга өткөрүп берүү боюнча токтому бар экен. Ага 23 адам кол койгон. Аксы районунун жергиликтүү депутаттары жана тургундары, өкмөт башчы Темир Сариев кечээ башканы сүйлөп, бирок кылгылыкты 2015-жылы кылып, кыл жип менен бууп, койгон турбайбы деп, Аксылыктардын Сариевге кыжыры кайнап жатат. Кыскасы, жергиликтүү калк, эч качан Өзбекстанга жерибизди бербейбиз”, — деди депутат.
Эске сала кетсек, кечээ 22-мартта Темир Сариев өлкөнүн бүтүндүгүн жана кол тийбестигин сактоо үчүн бардык аракеттер көрүлөрүн убада кылып, “Биздин өлкөнүн 1 сантиметр жери эч кимге берилбейт”, – деген. Бирок, бүгүнкү Темир Сариевдин ачыкка чыккан бул жоругу көп кишини ойго салып, аксылыктардын ачуусун келтирип жатат.
Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ