Menu

Чыныбайдан чыккан чыр: Токой чарбасы менен “Кереге” ААКтын ортосунда калган 11 гектар талаш жер

Бөлүшүү:

Гезитибиздин өткөн санында Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылынын тургуну Эмил САВДАНБЕКОВ аттуу жаран кайрылып, токой чарбасынан 2007-жылдын 13-июнь айында №179 келишимдин негизинде 2 гектар жерди 49 жылга ижарага алганын, бирок ал жерди жана “Кырчын” турбазасынын төмөнкү бөлүгүндө жайгашкан агасына тиешелүү чабан үйүн “Кереге” ААК талашып жаткандыгын айткан. Биз бул иш тууралуу жеринен билүү үчүн, атайын Ысык-Көл районуна барып, тиешелүү мамлекеттик кызматтарга кайрылдык. Анда Токой чарбасынан 49 жылдык келишим менен ижарага алган жерди Эмил Савданбеков мамлекеттик каттоо кызматына каттоодон өткөрүү үчүн бир нече ирет кайрылып келген. Бирок,  Ысык-Көл райондук мамлекеттик каттоосунун кызматкерлери токой чарбасы берген 2 гектар жерди Семенов айыл өкмөтүнүн чечими жана райондук мамлекеттик администрациясынын токтомунун негизинде “Кереге” ААКтын жерлерине кошулуп бекитилип берилгенин, ошондой эле бул жер боюнча мамлекеттик актысы бар экендиги тууралуу айтып, жерди каттоо укугун четке кагышкан. Эске салсак,  “Кереге” ААКтын жеке менчиги болгон “Кырчын” турбазасынын төмөнкү бөлүгүндөгү тагыраак айтканда токой чарбасына тиешелүү жерлерди (ижарага келишими менен алган Савданбековдун 2 гектар жана Кутушевдин 4 гектар жерин) Семенов айыл өкмөтүнүн 1999-жылы 16-сентябрда №23 жана райондук мамлекеттик администрациясынын 1999-жылы 18-ноябрда №634 токтомунун негизинде аталган мекемеге 11 гектар жер бекитилип берилген(на основании договора купли-продажи здания туристической базы от 16 сентября 1997 года, заключенного между ОАО “Кыргызтур” и ОАО “Кереге” от 18 сентября 1997 года, письма АО “Кереге” от 08.09.1999 года. Был выдан ОАО “Кереге” Государственный акт на право пользования земельным участком №025123 от 22 ноября 1999 года Ысык-Кульской районным управлением по землеустройству и регистрации прав на недвижимое имущество). Бул иштин чоо жайын билүү үчүн алгач Семенов айыл өкмөтүнө кайрылдык.  Андан соң, токой чарбасынын директору Максат Муканбетовго кайрылсак, ал бул кызматка жаңы келгендигин, биз көтөргөн маселе тууралуу маалыматы жок экендигин айтып, Эмил Савданбековдун ижарага акысын төлөбөгөндүгү үчүн сотко бергендиги боюнча сөз кылды.

Максат МУКАНБЕТОВМаксат МУКАНБЕТОВ, Ысык-Көл райондук токой чарбасынын директору: “Кереге” ААК менен жерди талашып соттошуп жатканын билбейбиз”

—  Бизге бул жер трансформация болду деген Өкмөттүн токтому келген жок. Токой чарбасында Эмил Савданбеков жерди 49 жылдык ижара келишими менен алган жаран катары катталып жүрөт. Демек, бул жаранга берилген жер токой чарбасынын территориясы  болуп эсептелинет. Эмил Савданбековду жердин ижара акысын төлөбөгөндүгү жана келишимде түзүлгөн шарттарды аткарбагандыгы үчүн сотко бергенбиз. Бул киши “Кереге” ААК менен жерди талашып соттошуп жатканын билбейбиз. Ижарага алган жер боюнча соттошуп жатам деп, токой чарбасына кагаз менен кайрылса, анда бул ишке тиешелүү чараларды көрмөкпүз.

Эмил САВДАНБЕКОВ, Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылынын тургуну:Эмил САВДАНБЕКОВ“Токой чарбасынын кызматкерлери жумушуна шалаакылык мамиле жасап жатат”

— “Кереге” ААК менен жерди талашып соттошуп баштаганда токой чарбасынын кызматкерлерине кайрылгам. Алар сот бүтмөйүнчө ижарага акысына эч кандай каражат төлөбөйсүңөр деп айтышкан. Азыркы учурда жаңы иштеп жаткан токой чарбасынын директору Максат Муканбетов ижара акысын төлөбөйсүң деп мени сотко берди. Мен ал жерди талашып соттошуп жатсам, ошол эле учурда пайдаланбасам жердин ижара акысын кантип берем. Бул токой чарбасы мамлекеттин  жери үчүн чуркап, ушул күнгө чейин “Кереге” ААК менен соттошушу керек эле. Аталган кызматтын жетекчиси да, кызматкерлери да отурат. Мындайча айтканда, булар өздөрүнүн жумушуна шалаакылык мамиле жасап жатышат. Жер боюнча сөз айтсаң эле, “мен бул кызматка жаңы келдим” деген гана жооптуу берүү менен кутулушат. Булар эртеңки күнү мени ижара акысын төлөгөн жок деп, сот менен жерди тартып алышат да, “Керегеге” беришет. Бул ачыктан-ачык эле көрүнүп турат. А мен болсо, жер токой чарбасына тиешелүү деп талашып жүрөм.

Бакыт ТУРУСБЕКОВ, Ысык-Көл райондук токой чарбасынын инженери : “Эмил Савданбековго берилген жер токой чарбасынын территориясы деп жүрөт. Мындан тышкары токой чарбасына тиешелүү жерлердин мамлекеттик актысы да турат”

— Токой чарбасынын жери боюнча Эмил Савданбеков менен “Кереге” ААК соттошуп жаткандыгы тууралуу маалыматым жок. Бул кызматка жаңы келип, токой чарбасынын жерлерине “инвентаризация” жасай баштадым. “Инвентаризацияны” толугу менен бүткөндөн кийин гана бул жер боюнча толук маалымат бере алам. Картада белгиленгендей, Эмил Савданбековго берилген жер токой чарбасынын территориясы деп жүрөт. Мындан тышкары токой чарбасына тиешелүү жерлердин мамлекеттик актысы да турат.
Нурбек АСАНОВ, Ысык-Көл райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын директору: “ТокойНурбек АСАНОВчарбасынын жерлери дагы “Кереге” ААКка чийилип, 11 гектар деп бекитилип, мамлекеттик акт берилиптир”

— 1999-жылы айыл өкмөтүнүн жана райондук мамлекеттик администрациясынын токтому менен токой чарбасынын жерлери дагы “Кереге” ААКка чийилип, 11 гектар деп бекитилип, мамлекеттик акт берилиптир. Бул жер тууралуу “инвентаризациялык” материалдарды көтөрсөм, турбазанын төмөнкү жагындагы жерлер токой чарбасына таандык болуп чыкты. Бирок, көрсөтүлгөн жер жогоруда айтылгандай “Кереге” ААКка бекитилип берилгендиги тууралуу мамлекеттик акты да турат . Мындайча айтканда бир жерге эки мекеме ээлик кылууда. Мындан улам, токой чарбасынын жерлери “Кереге” ААКтын мамлекеттик актысынын чек арасына кирип калгандыгына байланыштуу, аталган мекеменин ижара келишимдерин каттоодон баш тартып турганбыз. Бул тууралуу биздин мекеменин адиси Эмил Савданбековдун жубайына түшүндүрүп, жерди каттоодон өткөрүүгө мүмкүн эместигин айтып, баш тартуу кагазын жазып берген. “Кереге” ААК  1999-жылдагы мамлекеттик актынын негизинде жерге болгон жеке менчик укугун таануу боюнча сотко кайрылат. Андан кийин бизге 2012-жылдын 4-октябрдагы райондук соттун чечими менен “Кереге” ААКтын 11 гектар жерге жеке менчик укугун таануу боюнча чечими келет. Соттун чечимин аткаруу үчүн “Кереге” ААКка 7 гектар жерди каттоодон өткөрүп, ал эми калган 4 гектар жер “инвентаризациялык” материалдар боюнча токой чарбасына тиешелүү болгондуктан, ал жерди бербей кармап турабыз. Соттун чечимин аткарышым керек эле, бирок чындыкка баралык, бул токой чарбасынын жери деп жатам. Токой чарбасынын бул жер боюнча мамлекеттик актысы жок. Мен болгону “инвентаризациялык” материалдарга таянуудамын. Ачык айтканда, бул иш токой чарбасы менен “Керегенин” ортосундагы маселе болуп жатат. Токой чарбасы “Кереге” ААКтын 1999-жылдагы мамлекеттик актыны жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылып, андан кийин талаш жараткан жерди тактап алып ижарага бериш керек эле. Аталган мекемеден жерди ижарага алгандар каттап бер деп келишти.  “Кереге” ААКтын мамлекеттик актысы турса биз кантип, жердин үстүнөн чийип беребиз. Бул жерлер боюнча маселе толугу менен аягына чейин бүтсүн деп “Керегенин” 7 гана гектар жерин чийип, 4 гектарга тийишкен жокпуз. Бул жерди ижарага алгандарга чийип берип койсок ого бетер иш чаташмак. Токой чарбасы да өз укугун коргоп бизге келип ишти такташы керек эле.

Анарбек ТУРДАКУНОВ, Семенов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы: Анарбек ТурдакуновТокой чарбасынын жерине мыйзамсыз түрдө токтом чыгарылгын”    

— “Кырчын” жайлоосундагы жерлер мурдагы айыл өкмөт башчысы тарабынан берилип кеткен. Анда токой чарбасынын жерине мыйзамсыз түрдө  токтом чыгарган. Анын күнөөсүнөн улам ушундай талаш-тартыш маселелер жаралууда. Мурдагы айыл өкмөт башчысы Молдожан Сейдиматов менен жер адисинин бул иши боюнча облустук район аралык сотко чейин жетип, жердин токтому жокко чыгарылган. Анын мындай мыйзамсыз иш аракеттеринен улам учурда соттошуп жүрөм.

Биринчи соттун чечими, экинчи токой чарбасынын мурунку директору Содакеев жердин схемасына кол коюп берүү менен бул жер “Кереге” ААКка өтүптүр

Чыныбай Турсунбековдун жубайы Нуржан ТЕНТИМИШОВА менен талаш жер боюнча сүйлөшкөндөн кийин,  эртеси Ысык-Көл райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын директору Нурбек АСАНОВ кайрадан бизге телефон чалып, маалыматты тактоо иретинде буларды айтып берди.

— Азыркы учурда токой чарбасы менен “Кереге” ААКнын ортосунда жер маселеси боюнча  сот  процесстери жүрүп жатыптыр. Силерге өткөндө 11 гектар жердин картасынын үстүңкү бөлүгүн көрсөтүлүп, астыңкы бөлүгү көтөрүлбөй калыптыр. Көрсө, турбазанын төмөнкү бөлүгүндөгү кармап турабыз деген жер дагы, 2012-жылдын 4-октябрындагы райондук соттун чечимин аткаруу максатында менин орун басарым кол коюп өткөрүп бериптир. Себеби, биринчи соттун чечими, экинчи токой чарбасынын мурунку директору Содакеев жердин схемасына кол коюп берүү менен бул жер “Кереге” ААКка өтүптүр. 11 гектар жердин 4 гектарын бербей кармап турабыз деген маалыматты туура эмес берип салыптырбыз.

P.S Угушубузга караганда токой чарбасы “Кереге” ААК менен жер боюнча бир нече ирет соттошуп, жыйынтыгында аталган мекеменин пайдасына чечилип келген. Бирок кийин эмнегедир райондук сот кайрадан “Кереге” ААКга 11 гектар жерге жеке менчик укугун таануу боюнча чечимин чыгарып, Ысык-Көл райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы анын жеке менчик укугун тааныган.

(уландысы бар)

Айжаз САКИЕВА, Упел АНАРКУЛОВА, Бишкек-Ысык-Көл району-Бишкек

Булак: “Эл деми”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: