Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай ИСКАНДАРОВ билдиргендей, Орто-Токой суу сактагычында өзбек тараптын кайтаруучулары турат. Бирок алардын канча экенин билбейбиз деп кабарлады. Анын айтымында, 2012-жылдын 8-сентябрында өзбек чек арачылары «Кербен-24» радиоаймагына кирип кеткени да ушул Орто- Токой суу сактагычына байланыштуу болгон. «Анда чек арачылар бул аймакка паспорттук визалык иштерди текшерген болуп киришип, 2-октябрда чыгышкан. Анда да бул маселе Орто-Токой суу сактагычы менен байланышта болчу. Алар эгерде Кыргызстан суу сактагычка өзбектердин күзөтчүлөрүн киргизишсе, анда биздин чек арачылар Унгар-Тоодон чыгып кетишет деген шарт коюшкан. Биз өз ара келишип, алардын күзөтчүлөрүн суу сактагычка киргиздик да ортодогу конфликт жоюлду», -дейт Искандаров. Мына кызык! Андай болсо, азыркы кырдаал кандай болду? Орто-Токой суу сактагычында өзбек күзөтчүлөрү турса…
Булак: “Эл деми”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ