Бүгүн, 25-мартта бийликке оппозициялык көз карашта жүргөн энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков УКМК тарабынан камакка алынды. Бул тууралу жаш оппозиционер Адил Турдукулов билдирди.
Эрнест Карыбеков кечээ камакка алынган оппозициячылар Кубаныч Кадыров менен Бектур Асановдор сыяктуу эле “мамлекеттик төңкөрүш жасоого” даярданган деген айып менен сурак берип жатат.
Эрнест Карыбеков УКМК тыңшап жазып алган, Азимбек Бекназаровдун адвокаттык конторасында 20-мартта болуп өткөн 30дай оппозициячылардын жыйынына катышкандардын бири. Эрнест Карыбеков “Ар-Намыс” саясый партиясынын мүчөсү.
Булак:Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ