Menu

Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча Конгресстин кыргыз-өзбек чек арасындагы түзүлгөн абал тууралуу билдирүүсү

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун жана Ала-Бука районунун жолундагы Могол айылынын жанындагы талаштуу чек арага Өзбекстан республикасынын чек ара кызматкерлери, аскер техникаларынын кириши өлкөнү тополоңго салгандай эле иш болду.

Мына ушул чуулгандуу окуяга байланыштуу жакында түзүлгөн Жарандык Форумдун атынан өз граждандык позициябызды билдирели деп чечтик.

Өзбекстан куралдуу күчтөрү Кыргыз  Республикасы менен алдын-ала сүйлөшүлгөн жана кол коюшкан макулдашууларды бузуп, эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу чек арага  өзүмбилемдик кылып, эч эскертпестен кирип келип, кыргыз жарандарынын документтерин текшерип, башка өлкөнүн жарандарынын ички ишине кийлигишип, алардын Конституциялык укугун буза баштаган.

Кыргыз Республикасынын бийлик органдары болгон Тышкы иштер министрлиги жана Чек ара кызматы мындай учурда жасай турган иштерин жасашты.

Өзбекстандын элчиси чакырылып, ага нота тапшырылып, аскерин кайра чыгарып кетүү талабы коюлду. Чек ара кызматы болсо Өзбекстандын чек ара кызматы менен өзүнө тийиштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бирок бул татаал маселени чечүү бул органдардын колунан келбей турган иш.Чек ара маселеси тынчтык жолу менен гана чечилиши керек.

Мындай элдин жашоо тагдырын чечүүчү маселелер мамлекет башчыларынын деңгээлинде гана чечиле турган нерсе. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Президенти өз мөөнөтү бүткөнгө чейин Өзбекстан жана Тажикстан Республикасы менен чек ара маселесин чечип кетиши керек.

Тилекке каршы, ушул убакка чейин чек ара маселесин чечүүдө жакшы жылыштар болбой жатканы өкүнтөт. Качан бийлик алсыз жана кошуна өлкөлөрдүн алдында тийиштүү кадыр-баркы жок болгондо кошуна мамлекеттин аскерлери ал өлкөнүн жерин басып киришкен жана түрдүү зомбулукту көсөтүшкөн. Бул ачуу чындыкты байыркы бабалардан калган ата сөздөрүнүн негизинде айтып жатабыз.

Эгер кыргыз мамлекети күчтүү болуп, ал эми Кыргыз бийлигинин башында тургандар кадыр-барктуу болгондо башка өлкөнүн куралдуу жоокерлери биздин жерди басып кирбейт эле.

Ошондуктан чек арасы чектешпеген алыс мамлекеттер менен алака түзүүдөн мурун чек арасы бир эли табакташ, жери жармакташ өлкөлөр менен алака катышууну чыңдасак жакшы болоор эле.

Кыргызстандын мамлекет башчысы  бийликте турган беш жыл аралыгында Өзбекстандын мамлекет жетекчиси менен мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн жакшы өз ара мамилени түзө албады. Далай каардуу заманды башынан өткөргөн, өтө тажрыйбалуу жана акылдуу, өз улутунун кызыкчылыгы жана жеринин бүтүндүгү  үчүн эч нерседен кайра тарпаган Ислам Каримовдун кандай да болсо сөзүн табуу жана аны менен ишенимдүү мамиле түзүү кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин биринчи милдеттеринен болушу керек эле.

Тилекке каршы, Президент бул ишти жасай албай кайрадан  Ислам Каримов менен тирешүү жана жаңжалдашуу жолун тандап алды.  Россия Федерациясынын Президенти Владимир  Путин менен жакшы мамиледе болсо эле бардык маселелер чечилип калат деген ойдон алыс болуш керек. Каримовдун саясаттагы  басып өткөн жолун жана ушунча жыл жашаган жашынын улуулугун сыйлап,  элдин иши үчүн ийилип алдына барып койсо биздин президент андан кичирейип калмак эмес. Кыргыз бийлигинин мындай алешем, алысты көрө билбеген иштеринин натыйжасында ушул сыяктуу жаңжалдардын чыгып жатышы өкүнүчтүү.

Дагы да кеч боло эле электе Кыргыз мамлекетинин башчысы тез аралыктын ичинде өз коллегасы  Ислам Каримов менен мамлекет аралык алаканы жолго салып, ийкемдүү саясатты жүргүзүп,  эки өлкөнүн мамилесин тезинен жакшыртуу эң зарыл нерсе. Муну Кыргызстандын эле эли эмес, Өзбекстандын эли да күтүп жатат.

“Биринчи кадам кылып, биринчи салам берген адамды кудайым да  жакшы көрөт” деп айтылат касиеттүү Куранда. Бул багытта биздин ррезидент биринчи кадам кылса элдин колдоосуна татыйт эле. Өз убагында  кыска аралыктын ичинде өлкө башчы болуп иштеген Роза Отунбаева эч намыстанбай эле Ислам Каримовго биринчи кол сунуп жакшы мамилени түзө алган эле.

Мына ушундай жылуу мамиленин аркасында ошол кезде Өзбекстан тараптан мындай басып кирүүлөр болгон эмес. Элдин сактаган, эл үчүн күйгөн президент эч качан башка өлкөнүн жетекчилиги менен тирешпейт.

Президент Атамбаев биздин ушул сунушубузду жана принципиалдуу оюбузду туура түшүнүп, тийиштуу жыйынтык чыгарат деген үмүттөбүз.

Түзүлгөн абалды жөнгө салуу жана башка өлкөнүн чек арасына басып кируу Эл аралык нормаларды бузуу экендигин көрсөткөн кайрылууну Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримовго дагы жөнөттүк.

 

Турсунбек  Акун,Борбордук Азия мамлекеттериндеги  адам укуктары  боюнча Конгресстин координатору,Жарандык  Форумдун  башкаруу комитетинин  төрагасы

Булак: “Майдан.кж”    

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: