Урматтуу боордоштор!
18-мартта Кыргыз аймагына Өзбекстандын аскерлери кирип, ары-бери каттаган Аксы, Алабука, Чаткал тургундарынын жолун тосуп, Өзбекстан кыргыз жеринде кожоюндук кылып жатса да, биздин Парламент, Президенттин астындагы Коргоо кеңеши чукул жыйын өткөргөн жок.
Премьер-министр Темир Сариев болсо Өзбек аскерлерин биздин аймактан чыгарыш үчүн чара көргөндүн ордуна, Кербен шаар депуттатарына «О переносе радиорелейной станции, находящиеся на территории Республики Узбекистана» деген 11-ноябрь 2015-жылы өзү кол койгон 18-177 номерлүү өкмөттүк протоколду берип, Унгар тоодо жайгашкан Кыргызстандын станцияларын башка жерге көчүрүп кетүү боюнча чечим кабыл алууну талап кылды. Бул талапты Кербендин депутаттары четке кагышты. Себеби Унгар тоо Кокон, Совет, бүгүнкү доордо да кыргыздын жери болгон.
Унгар тоону Өзбек территорясы деп кайсы негизде пртоколго Темир Сариев кол койгону ачыкка чыкканда гана, биздин бийлик Унгар тоону качан жана кантип өзбектерге берип салганы ачылат. Биз парламенттен бул маселени карагыла деп сурансак, депутаттар укпады.
Ушундай кырдаалда Президент Алмаз Атамбаев, Өзбек Президенти Ислам Каримов менен сүйлөшүүгө баралган жок. Себеби сүйлөшүү башталса, Ислам Каримов кыргыз бийлиги Унгар тоону качан жана кантип Өзбекстанга берип салганы ачыкталмак. Ошондуктан Унгар тоону өзбек территориясы деп Темир Сариев кол койгон протокол жарыкка чыкканына карабай, Унгар тоону Сариев өзбектерге берип салыптыр дегени калп сөз деп, бул маселени парламенте териштирүүгө Атамбаев өзү жолтоо болууда. Атамбаевдин Каримов менен жолуккандан качканы, Сариевди коргогону, Унгар тоону парламентте каратпай жатканы элде шек жаратты.
Өлкөдөгү түзүлгөн ушундай курч кырдаалда өзбек аскерлери биздин аймактан чыгып кеткиче, элди козутпоо максатында, бийликтин шектуу ишинин бетин ачууга умтулган жокпуз. Өзбек куралдуу күчтөрү бүгүн биздин жерден чыкканы менен, Үзөнгү-Куушту кытайларга, Каркыраны, Маймакты, Көксайды казактарга алдыргандай, Унгар тоону өзбектерге алдыруу коркунучу сакталып турат. Айрым маалыматтарга караганда, ачыкка чыга элек дагы бир топ кыргыз жерлери башка мамлекеттердин карамагына өтүп кетүү коркунучу бар.
Ошондуктан өткөндөгү өзүбүз кетирген кемчиликтерди жоюп, биз бир муштумга түйүлүп, кыргыз жерлеринин башка мамлекеттерге өтүшүнөн сактап калалы, урматуу боордоштор! Унгар тоо маселесин бийлик чукулда чечпесе, “Эл үнү” коомдук саясый кыймылынын өткөн жыйынында түзүлгөн Кыргызстандын Патриоттук Күчтөрүнүн Коррдинациялык Кеңеши, Жогорку Кеңешти бул маселени кароого мажбурлаши үчүн, 30-мартта саат 10.00 до Бишкектин борбор аянтында баштала турган мөөнөтсүз тынч митингине кыргыздын накта патриотторун чакырат!
Кыргызстандын Патриоттук Күчтөрүнүн Координациялык Кенеши
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ