Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө караштуу Машрап –Сай каналында кум, шагыл мыйзамсыз казылып жаткандыктан, 40 миң адам таза суусуз калуу коркунучунда турат. Бул тууралуу Мамэхотехинпекциясынын басма-сөз кызматы билдирди.
Маалыматта 3 жылдан бери айрым жарандар Машрап- Сайдын кум шагылдарын казып алып, сууну тазалоочу көзөнөкчөлөрүн иштөөсүн үзгүлтүккө учуратышууда. Мамэкотехинспекциянын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын адистери, сай ичин казууну токтотууну талап кылып бир нече ирет эскертүү берген. Бирок ага карабастан жеке ишкерлер шагыл таш алуу иштерин улантууда. Жергиликтүү бийликтин айтымында, учурда аларга тыюу салганы менен күчү жетпей келет. Аталган сайды мындан бир нече жыл мурун ОКМ министрлиги таш менен жээктерин бекитишкен, азыркы тапта сай ичи казылып жаткандыгына байланыштуу,бекитилген таштар урап, сай жээктери жайылып кеткен.
Мамэкотехинспекциянын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын башчысы Рысбек Юсуповдун айтымында, Машрап-Сайда казуу иштерин жүргүзүүгө уруксат жок. Жергиликтүү Айыл өкмөтүнүн берген маалыматы боюнча Мамлекеттик геология комитети жерлерди аныктабай туруп жеке ишкерлерге иштетүүгө уруксат кагаздарын беришүүдө.
Булак: “Эл деми”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ