Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, медицина жана өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери менен биргеликте район аймагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Сузактын борборунда орун алган жума базарында санитардык нормалардын сакталуусу
көзөмөлгө алынууда.
Ошондой эле, Бишкек-Ош жолунун Сузак району аркылуу өткөн аймагында жайгашкан тамактануучу жайлар да текшерүүгө алынган.
Коронавирус илдетинин алдын алууда жарандар ортосундагы аралыкты сактоо зарылдыгы жеткирилди.
Негизинен бул жайларга көбүнчө алыскы жолго чыккандар токтоп тамактанышат.
Мындан сырткары милиция кызматкерлери район аймагында ар бир жаран жугуштуу илдеттен сактануучу медициналык каражаттарды жанына алып жүрүү керектигин эскертишүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ