Menu

Абдыжапар ажы Жакыпов: “Ош облусунда отчетту өз убагында тапшырбаган имамдарга чара көрүлөт”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-мартта Ош облустук мусулмандар казыятынын Иш башкармасы Абдыжапар ажы Жакыпов мечит имамдарынын айлык отчетторун кабыл алып, отчеттордун сапатын текшерүү иштерин жүргүздү. Абдыжапар ажы Жакыповдун айтуусунда 2016-жылдын март айынын отчетун Алай районунун имамдары 100%га, Чоң-Алай районунун имамдары 98%га, Өзгөн районунун имамдары 84%га, Кара-Кулжа районунун имамдары 59%га отчетторун тапшырышты. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Ал эми Араван, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун имамдарынын отчеттору даярдалып бүтө электигине байланыштуу тапшырыла элек. Отчет берүүнүн тартибине ылайык бардык райондордун баш имам хатибдери мечит имамдарынын отчетторун ар бир айдын 27-числосуна чейин казыятка тапшыруу талабы коюлган. Бул талапты убагында аткарбагандарга чара көрүлөөрү белгилүү болду. Иш башкарма мындан сырткары отчеттордогу аткарылган иштердин реалдуулугун анализдеп, калыс баа берилээрин билдирди. Ошондой эле ал бардык жыйынтык боюнча КМДБнын алдындагы отчет алуу комиссиясынын кызматкерлерине отчеттторду Dropbox проограммасы аркылуу жиберип, ар бир жагдайды skape аркылуу түшүндүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, имамдардын айлык отчетторуна райондук хатипчилик, ал эми хатипчиликтердин отчетторуна казыят тарабынан 1ден 5ке чейинки балл менен баалоо жүргүзүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: