Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал режими бүткөнүнө байланыштуу өлкөлөрдү Гвинея, Либерия жана Сьерра-Леонго барууга жана жана соода кылууга коюлган чектөөлөрдү алып салууга чакырды.
Аталган уюмдун башчысы Маргарет Чен Эбола жугуштуу илдети мындан ары жайылбайт деген ишенимде болуп жатат.
Өзгөчө кырдаал режими күнүгө жүздөн ашык оорулар катталган 2014-жылы августта жарыяланган.
Доктор Чен ошол эле учурда оору кайтып келбеши үчүн сактык чаралардын көрүүгө чакырууда.
2013-жылы Батыш Африкада башталган Эбола эпидемиясы он бир миңден ашык адамдын өмүрүн алды жана 1976-жылы вирус табылгандан бери эң ири эпидемия болуп калды.
Эпидемиянын бүткөнүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2016-жылы январда билдирген. Ага чейин Либерияда 42 күндөн бери бир да жаңы оору катталган эмес. Андан мурда Гвинея жана Сьер-Леоне вирустан кутулду деп жарыяланган.
Булак: “Эл деми”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ