Аксылык жигит Шекербек Камчыбек уулун «оппозицияга эмнеге кошуласың» дешип СНБнын кызматкерлери эсин чыгарып жатыптыр. Баягы Акаев менен эле Бакиевдин заманынан эч айырмасы жок болуп калды бул бийликтин. Оппозиция менен иштешсе эмне болуптур десеңиз.
Бийликтин жасаган кадамдары жакпаса ар жаран өз пикирин ачык билдирүүгө укуктуу да. Шекербек өзү Аксынын эң активдүү жигиттеринин бири болот. Эгер ага карата сурак күчөй берсе аны да колдоп чыкчулар бардыр. Бийликтегилер Шекербектен башкасын деле тыңдап сурап алышсынчы. Ушул карапайым жигит революция кылып жибермек беле?
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ