«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов президенттин мурдагы аппарат башчысы Данияр Нарымбаевдин соттук ишин Казакстандан караш керекпи деп катуу күпүлдөдү. Буга Нарынбаевдин ишин карап жаткан соттор бир кезде Данияр мырза менен бирге иштешкенин же анын кол алдында иштешкенин айтышып, ишти кароодон баш тартып жатышканын жүйө келтирди. Мындан улам,эл өкүлү Нарымбаев юриспруденция тармагында СССРдин учурунан бери иштеп келе жатканын, аны менен иштешпеген же учурашып амандашпаган бир дагы юрист жоктугун айтып, ишти бир бөлмөдө чогуу иштегенине карап эмес, мыйзам алкагында кароо керектигин белгиледи. Болбосо, сот тармагы көз каранды тура деген коомчулукта шектенүү күчөөрүн кошумчалады. Анткен менен азыр Данияр мырзанын соттолушу боюнча бул “Ата Мекен” фракциясында да ача пикир бар. Анткени, үч жолу Баш мыйзамды чогуу жазышкан Өмүрбек Текебаев сотто Нарымбаевдин акталып кетишине кызыкдар болсо, так ушул аппарат башчы менен болгон кырды-бычак мамиледен улам Юстиция министрлигинен кеткен Алмамбет Шыкмаматов эски “абы- сынын” жазаланып жабык жайда жатканын кааласа керек…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ