Menu

Кайып Шери, коомдук ишмер: “Акаев-Бакиев учурундагы система, көрүнүштөр кайра түзүлдү”

Бөлүшүү:

– Оппозициянын айрым лидерлери камалып, алы кетип калгандай болду. Бул жолу “оппозицияны Досалиев сатып кетиптир” деген билдирүүлөр да таркатылды. Бул жөнүндө кандай ойдосуз?

– Менин укканыма караганда, ошол Досалиевге кылмыш ишин ачабыз деп, анан “Эгер сен оппозицияны бытыратканга жардам берсең, сенин күнөөң кыскартылат”,- деген шартта, оппозициянын ичине киргизилген деп жатышат. Дагы бир маалыматтар боюнча, анын атасы Досалиев Президенттин аппаратында котормо бөлүмүндө  эмгектенет дешет. Ал эми эжеси Бүбүкан Досалиева илгертен “Азаттык” радиосунда иштеп келатат. Көрдүңүзбү, айланып эле “Азаттык” радиосуна келип түшөбүз. Менимче, УКМК “Азаттык” радиосун өзүнчө база кылып алгандай. Ушул радионун кызматкери У.Эгизбаев, УКМК төрагасы А.Сегизбаев жана президент А Атамбаевдин биринчи аялы Бүбүажарды аталаш бир туугандар экен деп айтышууда. Анан “Азаттык” сөз жок президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жакындарынын көзөмөлүндө калат да. У.Эгизбаев аркылуу “Азаттыктын” бардык кызматкерлери УКМК иштерине тартылып, андан соң кызмат кылгандары үчүн булар жакшы кызматтарга жылдырылып, иттери чөп  жеп келатат.  Мындайча  айтканда, баягы эле Акаев-Бакиев учурундагы эле система, көрүнүштөр кайра түзүлдү.

– Бүгүн өлкөнү 6 киши башкарып жатат, анын бири криминалды башкарып, Ж.Бакиевдин образын жаратууда деп да айтылып атат. Бул канчалык чындыкка жакын? 

– Чынында эле, мамлекет тагдырын 5-6 киши чечип жаткандыгын айтышат. Булардын ичинен эң эле дымактуулары анын “шоопуру” менен өзүн мураскер сезген УКМКнын жетекчиси А.Сегизбаев экени белгилүү. Бүгүн саясаттын көпчүлүк бөлүгүн ушул экөө жасайт дешет. “Шоопур” Э.Мамбеталиевдин досу, ал эми А.Сегизбаев менен Э.Мамбеталиев тууган, экөө бир уруктан. Кыргыздын шартында булар бири-бирин колдошу мүмкүн.

Анан калса, А.Сегизбаевдин УКМКга келиши Бакиевдин учурундагы Ж.Бакиевдин УКМКнын төрагалыгына келиши менен өтө окшош. Б.Табалдиев өзү ордун бошотуп берип жатпайбы. Бүгүн айрым генаралдардын айтуусу боюнча, А.Сегизбаев бул жабык аскердик органды саясий мекемеге айландырып алды. Өлкөдөгү ар бир саясий ишке тымызын кийлишип, интригаларды жасап жаткандыгын айтышууда. Министликтердин, башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн  башчыларына чейин кийлигишип, өз кадрларын коюп жатат имиш. Кыязы, президенттик шайлоолорго даярданып жаткандай.

А.Сегизбаев УКМКга келгенден бери бул органдын ишмердүүлүгү өзгөрүп,  өлкөдө  ар кандай заказдык жана “подставалык”  иштер көбөйдү. Анын көбүн далилдөө кыйын. Заказдык иштердин көбү “Азаттык” радиосунун журналисттеринин жардамы менен жасалды.  Т.Акимов да журналист экенин унутпайлы. Бектур Асанов, К.Кадыров, Д.Сарыгуловдордун камалышы да “Азаттыкта” иштеген Б.Досалиеванын иниси аркылуу болуп жатканы эле чоң нерсенин сырын ачып турат. Мына ушуларды эске алганда эле, А.Сегизбаев УКМКны банкрот кылып, коомчулукка уят кылып жатканы ачык болуп жатпайбы. Мындан башка, А.Сегизбаев “Азаттык” радиосун өкүл атасы “Соростун” байланыштары аркылуу АКШнын Мамлекеттик департаментинен “кыздын калынына” келген “баштай” эле пайдаланып жатат.

Мындан башка күч колдонуп, жок кылуу да байкалууда.  Мисалы, кылмышкерлерди СИЗОдон качыруу үчүн атайы операция болгондугун айтышат. Анан алар жок кылынды. Кийинчерээк, дагы эки жай турмуштагы баланы (бири качкындын бир тууганы) түнкүсүн УКМК сотсуз эле, атып салып, “экстремисттер” деп  атап коюшту.

– Бийликтин дагы кандай интригалары боюнча  кабарыңыз бар?

– Президенттин тегерегиндеги 5-6 киши саясат жүргүзүп, белгилүү, аты чыккан саясатчыларга каршы интрига, кутум уюштуруп жаткандыгын алсак болот. Мисалы,  А.Эркебаевдин кызына, прокурор Мамакеевге, А. Муралиевдин баласына интрига уюштурулган.  Мисалы, Алтынбек Муралиев президенттин Аппаратынын тышкы иштер бөлүмүнө жетекчи болуп келет деген «миш-миштер» чыккандан кийин, ага карата саясий заказ уюштурулган экен. Мунун артында С.  Исаковдун кулагы чыгып турат деп да жатышат.

“Азаттык” радиосунун Прагадагы башчысы Венера Сагындык кызы да президенттин биринчи аялынын кланынан деп коюшат экен. Балким, ошого “Азаттык” радиосу бул жолу Унгар -Тоо проблемасын анчейин курч көтөргөн жок. Мурда Каркыра, Үзөңгү- Кууш маселелерин радио өтө катуу кабылдап, күн сайын бул темадагы жаңы материалдары чыгарып жатып, өтө күчтүү коомдук пикир жараткан эле. Бул жолу “Азаттык” анчалык деңгээлге жеткире алган жок. Жеткирүүнү  да каалабады окшойт.

– Ошондо, мамлекеттеги маалымат каражаттарынын айрымдары бийликтин алаканы астында калды деп айтууга болобу? Балким, бул жерде сиз айткандай кландык байланышка басым жасоо деле жоктур.

– В.Сагындык кызын президенттиин биринчи аялынын кланынан деп айттым. Ал эми Жыпар Жекшеев Бакиев учурунда “ЮНЕСКОдогу” өкүлчүлүктү жетектеп туруп, «Манасты» Кытайга алдыртып жиберген. Бирок, азыркы бийлик ага карабай, “Манас” ордени менен сыйлады. Кландык кызыкчылык жок болсо, каяктан бермек эле. Мына, ошол эле кландагы С.Аламанов, Э.Асаналиев Тышкы иштер министрлигинде кеңешчи болуп отурушат. Ал эми И.Карыпбеков КТРКде башкы директор. Ошондуктан, бүгүн Унгар-Тоо болобу, башка болобу,  туура маалымат алуу оңой  болуп калды. “Азаттык” радиосу  бүгүн өкмөттүк радиодон айырмасы жок болуп калбадыбы. Аны  экинчи  өкмөттүк ММК деп коюшат. Булар жалпы элдик кызыкчылыктан, кландык кызыкчылыкты өйдө коюп келатышат. Анан ошого мамлекеттик сыйлыктар да ушул сымал адамдарга, кошоматчыларга  ыйгарылып жатат да.

– Бирок, Унгар- Тоо маселеси башка ММКлар аркылуу жетиштүү эле чагылдырылып жаткандай?

– Ооба, туура айтасыз. Унгар- Тоо маселесин көпчүлүк өкмөттүк эмес ММКлар өтө жакшы, курч чагылдырып жатышты. Ошонун негизинде оппозиция бул маселеге,  деги эч нерсеге жараксыз парламенттин да көңүлүн бурууга жетишти. ЖКнын комитети аны кароого аргасыз болду. Комитет аны карап, 20-апрелге чейин укук коргоо органдарына бул боюнча териштирүүлөрдү  жүргүзүп, маалымдоосун тапшырыптыр. Жыйынтыгын күтүп жатабыз. Ошого 30-мартта уюуштурулуучу митингди, 20-апрелеге жылдырып койдук.
– Унгар- Тоо боюнча айрым саясатчылар өкмөттүн позициясын колдоп атышат. Мисалы, Т.Мамытов, Э.Каптагаев.
– Мен ким кандай позицияда экенин  угуп жатам. Бирок, айтып коюш керек, ушул эле Т.Мамытов, Э.Каптагаевдер Каркыраны сатышкан да. Булар бул маселелерди алдын ала эле айтып чыгышып, коомдук пикир түзүшүп, бийликке жардам беришкен. Ал эми А.Мадумаровдун билдирүүлөрүндө Каркыраны парламентсиз эле, бул маселени  караганга чейин эле, ошол кезде Ысык-Көл областынын жетекчилиги, анын ичинде Э.Каптагаев кол коюп, сатып жибергенин айтып чыкпады беле. Т.Мамытов чек ара боюнча июнь окуяларын иликтегенден кийин, сыйлык катары вице-премьерликти алып, чек араны көзөмөлдөгөн. Ошол маалда Ташкентке ат тезегин кургатпай каттап, түнөп келген күндөрү  да болгон. Анда Өзбекстан Кыргызстанга газ бербей жаткан эле.  А.Бекназаров өз билдирүүлөрүндө Унгар-Тоону бийлик газ маселесин чечүү үчүн Өзбекстанга беребиз деп кол коюп берип койгондуктарын кыйытты.
– Премьер алмашат деп жатышат. Алмашса абал кандай болот деп ойлойсуз?
– Менимче, оппозициянын аракеттери менен премьер-министр  Т.Сариевдин үзөңгүсү үзүлдү, көчүгү кыйшыйып калды.  Бирок, Сариев далайды алып жатат окшойт. Кетээри бышык. Менин баамымда, бүгүн Кыргызстанга саясий былыктардан, кландык, аймактык бөлүнүштөрдөн алыс турган, салмактуу, мамлекеттик иште бай тажрыйбасы бар, элдин турмушун оңдоого дарамети чоң экономист, коңшу өлкөлөр  менен тең ата сүйлөшө ала турган саясатчы келсе туура болмок.
Ч.Токтобеков,
Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: