Бүгүн, 6-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, “7-апрель – Элдик апрель революциясы күнү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бүгүн, 2016-жылдын 6-апрелинде кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайтына жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Ошондой эле бул Мыйзам мамлекеттик расмий «Эркин тоо» газетасына эртең, 2016-жылдын 7-апрелинде жарыяланат.
Буга байланыштуу, эртең, 2016-жылдын 7-апрели жумуш эмес майрам күнү болуп саналат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ