Menu

Оппозицияга кандай тебетей кийгизсек жарашат, я?!

Бөлүшүү:

Сөздү айтылуу Көкөтөй чечендин бир окуясынан баштасак. Бул узун сөз. Кыскача мааниси мындай. Кайран киши ушул эле Сары-Өзөн Чүйгө кайсы бир ашка келиптир. Байкап турса өздөрүнчө топтолгон кишилер кызуу бирдемени кеп кылып жаткандай. (Кебетеси элибиз ошондо эле саясатчы окшобойбу). Жандарына барып сөздөрүнө кулак түрсө, кимиси сүйлөсө деле барып Көлдөгү бугу элин чаап алып жатат дейт. Антип чаптык эле, минтип чаптык эле, жылкы тийдик деген эле сөздөр дейт. Баары бүткөнсүп маңдай тиши түшкөн бир казак “биз да барып бугуну чауп эдик”,-деп калбайбы. Ошондо күйүп кеткен кайран Көкөң топту жөөлөп кирип, (өзү бугунун Тынымсейитинен болот)  “бу эрте турганыңар эле барып чаап алгандай, чаптырып койгондой бугулар силерге тамашабы” деп кадимки курч, жүйөлүї сөздөрүнөн айта баштаганда, баштары жерге кире түшүптүр. Баягы казак Көкөң сүйлөй баштаганда эле безип жоголуптур дейт.
Анын сыңарындай азыркы оппозициянын эрте турганы эле бийликти басып алууну көздөп калгандай. Буга далил катары айтсак, оппозициянын ойронун чыгарган аудио тасмалардын төркүнү бүт элге дайын. Кыргызстандын УКМКсы андагы үндөрдүн чындык экенин тастыктаган билдирүүсүн да тараткан.
Негизи “оппозиция” деген сөз ( латын тилинен алынган “oppositio «карама-каршы коюу”) өзүнүн классикалык аныктамасында аракеттеги бийликке  карама-каршы, альтернативдүү көз карашты, позицияны түшүндүрөт. Оппозиция –саясатта маанилүү орунду ээлеп, аракеттеги бийликти уктатпай, анын эффективдүү иштешин шарттайт. Батышта оппозициянын ишмердүүлүгүнө жараша эки эле түрү бар: булар системалуу жана системадан тышкары аракеттенген оппозиция. Биринчи тибине солчул жана  оңчул радикалдык партиялар, топтор кирет. Алардын программасы аракеттеги мамлекеттин бийликтин абийирин төгүп, саясый процесстин жүрүшүн оодарып жиберүүгө багытталган.
Экинчисине, Батыштын жалпы көпчүлүктү түзгөн солчул жана оңчул центристтик (либералдык, социал-демократтык, консервативдик, христиан-демократиялык) партиялары кирет. Булар коомдук саясый, социалдык-экономикалык башкаруу институттарынын туруктуулугун, ага кол тийбестигин көздөшөт. Балким, Батыштын өнүгүп жатышы,  негизинен ушул багыттан чыкпай келе жатышында болуп жүрбөсүн?
Бул өңүттөн алганда Кыргызстандын оппозициясына кайсы тебетейди кийгизээриң билбейсиң. Мүмкүн “радикалдык оппозициянын” шляпасын кыйшайта кийгизип койсо жарашар беле?! (Радикалдык оппозиция – бул аракеттеги бийликти күч менен айдап жиберип, аны өзүнүн кызыкчылыгына жооп берүүчү бийлик менен алмаштыруу). Азыркы оппозициянын кадамдары ушул шляпаны кийгизе салышты өзү эле суранып тургандай. (Айта кетсек оппозициянын акыркы аракеттери боюнча УКМК суратпай эле тиешелүү статья боюнча иш козгоп алдын камап, артын үй түрмөсүнө алды).
Бирок Кыргызстанда жалпак тил менен айтканда салттуу оппозиция болгон эмес дегенге болбойт. Булар кеминде 20 жылдык тарыхы бар “Ата мекен” социалисттик партиясы, “Кыргызстан социалисттик демократиялык партиясы” (КСДП). Эки бийлик менен тирешип, эки революциянын баштан өткөргөн бул партиялар азыр бийликте. Ошол эле учурда бизде партия түзө коюш, оппозиция боло калыш бир чыны кымызды тартып ийгендей эле кеп. Кыргызстан парламенттик башкарууга аттангандын эртеси эле, башкача айтканда парламентке партиялык тизме аркылуу гана барууга боло тургандыгы Жаңы Конституцияга жазылгандан кийин бир айдын ар жак бер жагында катталган партиялардын саны 180ге чаап кеткени эсибизде. Атургай “Ата журт” өңдүү бир түндө түзүлгөн партиялар да азыр бийликте. (Менин маалыматым боюнча бүгүнкү күндө 197 партия каттоодон өткөн).
Ал эми айта берип өзүбүз, кайталай берип сөзүбүз тажагандай болгон, биздеги бүгүн бийликтеги бирөө эртеси оппозиция болуп чыга келүү эрежесин эч ким буза элек. Дагы бир эреже биздин оппозицияда айтканын айттым деш, өз карашына акыр аягына чейин туруу, жигиттик деген жок. (Деги эле биздин саясатчыларда сөзгө туруу сейрек көрүнүш. Сыягы ал ошон үчүн саясат окшойт). Качан гана УКМКнын укуругу үстүлөрүнөн айлана баштаганда, үндөрү, дем алганына чейин жазылып турса да кашайып танып “монтаждап ийди” дей салуу өнөкөт ооруга айланган. Бул жагынан алчы-таасын жеген саясатчы Д.Сарыгулов аудиодогу сөздөрүн танган жок. “Биз курултайга альтернативдүү өкмөт мүчөлөрүн сунуштайлы дегенбиз” деп иштин багытын таптакыр башка жакка буруп жиберди. Ал эми  Т.Касымбековдун “Сынган кылычынын” романындагы Шады ынактай “ишке ашып кетсе ичинде, ашпай калса тышында” калгысы келген айтылуу Азимбек Бекназаров адатынча “монтаждап” ийди деп танып чыкты. Азыр болсо өкмөттүн Үңкүр-Тоого байланыштуу делген токтомду бетине кармап, күпүлдөшүн улантууда. Баса, Үңкүр-Тоо маселеси күн өткөн сайын курчуп баратат. Маселе Жогорку Кеңешке чейин жетип, депутаттар өкмөттү кыса баштады. Өкмөт оппозиция булгалап жүргөн токтом жасалма экенин айтууда… Айтор, саясат кызыды… Кырдаал ушундай.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: