Menu

Камчыбек Ташиев, экс-депутат: “Кудай буйруса биз мамлекетибизди сактап, коргоп калабыз”

Бөлүшүү:

Урматтуу аксылык туугандар. Азыр бизге ынтымак аба менен суудай керек. Эли жерибизди тарттырып жибербейли. Эч кандай бул жерде бөлүнүп алып, же бул бийликти кетирели башка бийликти алып келели деген сөздөрдү айтпастан жерибизди сактап калалы туугандар. Бүгүнкү күндө мамлекет,  кыргыз элинин келечеги жөнүндө ойлонгула. Мына ошондо биз жеңебиз, алдыда болобуз, ошондо гана кыргыз жери бүтүн болот. Мен бул жерге бийликти жамандайын, бийликти тартып алайын, бирөөнүн байлыгына көз артайын деп келген жерим жок.  Жеримди элимди коргош үчүн даяр келдим.  Бул жерде сиздер үчүн келип олтурам. Эгерде кыргыз мамлекетимдин башына иш түшсө ар дайым алдыда, силердин жаныңарда турам. Мамлекетимдин башына иш түшсө кандай адамдар менен болбосун биригип коргоого даярмын. Баардыгыбыз ушундай бололу. Бүгүнкү күндө керекпи чек арабызга тирүү чеп болуп туруп беребиз. Бир кадамды бери киргизбейбиз туугандар. Бул кыргыз жери, элибиздин жери. Туура кээ бирлер бул такталбаган жер деп айтып жатышыптыр.  Мен азыр  80 жаштагы аксакал менен сүйлөштүм. Ал киши ошол жерден ата бабаларым өткөн, кыргыздын жери болгон, жер такталып, картасы чийилип, жаңы жол салынган  деп жатат.  Эсиңиздерде болсо керек, айылдын арасында эски жолдор менен жүрчүбүз. Ошол эски жолдор жабылгандан кийин болуптур деп жогору жакка жол салдык. Жол салганыбызга жыйырма жылдай болуп калды. Эгерде ошол салынган жолубуз туура эмес болсо эмне үчүн жыйырма жылдан бери эч ким унчукпайт?  Андан кийин он жылдан ашып калды  ал жолду асфальт кылдык. Эч ким ошол жерден унчуккан эмес.  Мына бүгүн келип алып биздин кан тамырдай болуп  катташып турган Ала-Бука Чаткалыбызды, Аксыбызды бөлүп олтурат туугандар. Урматтуу аксылыктар, урматтуу кыргыз калкым, эгерде бийликтегилер, бийлик ээлери бүгүн силер колуна карматкан бийлиги, мамлекеттин күчү менен ушул маселени чече албаса, анда биз чечишибиз керек. Аны үчүн мен силерди акылдуулукка, ынтымактуулукка чакырамын. Бул жерде урушуп талашып, олтургандын кереги жок. Келгиле биз баарыбыз бул жер биздин жер, талашсыз биздин жер, бул жерди биз баары бир алабыз деп айтып турушубуз керек. Мына ошондо гана жеңебиз. Эгерде биздин чоңдорубуз ким экенин мен азыр түшүнбөй калдым. Ошол жогору жактагы чоңдорубуз биздин мусулман коңшу  мамлекетибиздин чоңдору менен сүйлөшүп алар менен мамиле түзүп, ушундай чыккан маселени чече албаса анда бизге алардын эмне пайдасы бар.  Өзбекстан мамлекетинин президенти Ислам Абдуганиевич Каримов бул өтө акылдуу, өз мамлекетин 25 жылдан бери башкарып келе жаткан киши. Биз бул кишиге азыр жаман сөздөрдү айтып, өзбек калкына же өзбек республикасынын атына жаман сөздөрдү эч качан багыттабашыбыз керек.  Бизге уруш-талаш, мушташ, согуш керекпи,  анын бизге кереги жок. Бизге ынтымак жана өзүбүздүн жерибиз керек.  Такталган чек арадан уруксаты жок бир адам өтпөсүн, каршы сөз айтпасын. Биз дагы айтпайлы.  Биз урматтуу коңшуларыбызды сыйлайбыз. Биз Өзбекстандын башчысын, анын бийлик ээлерин, элин журтун баарын сыйлайбыз. Бирок алар биздин жерибизге тийбесин. Эгерде биздин жерибизге тийе турган болсо, кыргыз бир муштум болуп барып аларга тийебиз. Ошондон сактанышсын. Ошондуктан мен сиздердин атыңыздардан Аксы, Ала-Бука, Жалал-Абад, Чаткал, Бишкектен келген элдерден суранып кетемин. Урматтуу коңшулар, өзүңөр кирдиңер, өзүңөр жашынакай болуп чыгып кеткиле. Бул биздин жер, кайсыл убакыт болбосун убакыт келет жерибизди кайрып алабыз. Айрыкча чек арабызды бузуп өткөн ызы-чуу болуп жаткан жерде биз ынтымактуу бололу. Ушул жердеги аким же башка бийлик өкүлдөрү болобу ушул жерди берип коёлу деп олтурбаса керек. Мен ушинтип ойлойм. Мен акимди тааныбайт экенмин Медет деген бала экен. Ушул аким деле жерибиз Өзбекстанга өтүп кетсин эптеп мен бийлигимди сактап калайын дебесе керек. Эгерде ошондой кара ою боло турган болсо ал акимди кууп чыгып, жок кылып коюш бир эле минуттук иш. Андан кыжаалат болбогула. Биз унчукпай, баардыгыбыз макул-макул деп жүрүп  жерлерибизди алдырдык.  Эми бул жерге кирип келди. Ошондуктан туугандар сүйлөгөн сөзүм жүрөгүмдөн чыгып жатат. Мен силерге жаттап алган сөздөрдү айтып жаткан жокмун. Бийликтин же оппозициянын  буйругун аткарып жаткан жерим жок. Мен кыргыз элим, жерим үчүн күйүп келип олтурамын. Дагы бир жолу айтайын мен баарына даярмын. Атайын кийимимди кийип келип олтурамын. Керекпи ошол жерге барып жатамын силер менен. Бүгүнкү маселеге салмактуу карап, кызуу кандуулукка алдырбайлы. Бүгүнкү маселени пайдаланып туруп жакшы жаман жагынан өч алганды токтотолу. Эгерде ушинтип бири-бирибиз менен талашып-тартышып жатсак  биздин арабызда чек арабызды бузуп өткөн адамдар турат. Алар азыр барып  кыргыздар экиге бөлүнүп алып бири-бири менен мушташып, тытышып жатышат. Туура болуптур, дагы көбүрөөк жерин алалы, көбүрөөк кирели” -деп айтышат.  Ошондуктан туугандар келгиле, дагы бир жолу ынтымакта бололу. Бийликти ала турган, бере турган, бийликти тартып ала турган убакыт башка. Ал азыр убакыт эмес туугандар. Акимди алгыңар келеби келгиле иш токтосун баары бүтсүн, анан секин келип маселени жашынакай чечип алсаңар болот. Бүгүн айыл өкмөткө, акимге жана башкага асылбагыла. Бирок ынтымактуу болгула. Ошондо гана жеңебиз.  Азыр барып  чек араны кууп чыгыш айыл өкмөт менен акимдин колунан келбейт экен. Бирок сиздер 2011-жылы сиздер өз колуңуздар менен мамлекеттик бийликти тапшырган адамдар бар. Ошолор чечим кабыл алсын. Мына  чындыктын убактысы келди.  Эми ошол бийликти каякка жумшайт. Менин артымдан чуркатып, мени кубалаткандан көрө, Бекназаровдун артынан чуркатып анын артынан кубалаткандан көрө ошол бийликти мамлекеттин чек арасын коргогонго элдин жакшы жашоосуна, келечегине жумшасын. Ошондуктан мен үйдө жата алган жокмун. Дагы бир жолу айтайын, бул жерге упай топтоп уруш талаш кылайын деп келгеним жок.  Ынтымакка чакырайын деп келип жатам. Бүгүн ар бир кыргыз Талас, Нарын, Ысык-Көл, Бишкек, Чүй, бул жагы Жалал-Абад, Ош, Баткен баардыгы аксылыктар үчүн кабатыр. Бизди карап тургандарга күлкү болбойлу. Душманга күлкү болсок анда баарын кошо алдырабыз. Менин ушунчалык жаным чыгып, бийликтин жанын сууруп ала турган сөздөр менен айтсам болот. Менин артымда душман турат, ошондуктан өзүмдү кармап сабырдуулук кылып жатам.  Бийликтегилер менин, кыргыз элинин  душманы эмес. Бирок элди туура эмес, же начар башкарып жаткандыгы туура. Бирок элди начар башкарып жатасың деп душмандарга, менин артымдан сайып жиберем дегендерге күлкү болуп, өзүбүздүн дарбазабызды ачып беребизби. Жок андай кылбайбыз. Балее болсо дагы чыдап, душмандарды киргизбейбиз.  Бул жерге  жалгыз Кербенден келбесе керек, жер-жерлерден келди. Баарына айтып коюңуздар. Азыр ызы-чуунун, уруш талаштын кереги жок. Баардыгыбыз бир муштум бололу. Кудай буйруса биз мамлекетибизди сактап, коргоп калабыз.

Баяна Кулова

Булак: “Жаңы ОРДО”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: