“Ата-Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев “Убактылуу Өкмөт” деген китеп жазып, аны коомчулукка жарыялады. Китептин бет ачарына убактылуу бийликте жүргөндөрдөн тартып, Бакиевдин тушунда чоң кызматтарда олтурган инсандарга чейин барышты. Негедир бир кездеги санаалаш досу Азимбек Бекназаров көрүнбөдү. Китепте убактылуу бийликте жүргөндөрдүн дээрлик бардыгынын сүрөтү да бар экен, бирок Текебаев Бекназаровдун сүрөтүн ал жерге да кошпоптур. Саясат дегениң заматта досторду эки жээкке ыргытат турбайбы. Текебаевдин китебинин басылышы үчүн парламенттеги фракция лидерлери 30 миң сомдон акча чогултуп беришкени да сөз болду. Баарынан кызыгы китепти редакторлогон “Ак жол” партиясынан депутат болуп, апрель окуясына чейин парламенттин төрагасы болгон Зайнидин Курманов экен. Китептин бет ачарына барган айрым депутаттар “Бул китеп Бакиевдин биринчи анан акыркы спикеринин китеби болуптур” деп көңүлү чыга бербегендей түр көрсөтүштү.
Булак: “Жаңы ОРДО”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ