Menu

Франция Украинанын чыгышындагы кырдаалга тынчсыздануу билдирди

Бөлүшүү:

Расмий Париж Украинанын чыгышында ок атышууну токтотуу шарты бузулган учурлар күчөгөнүнө тынчсызданууда.

Француз Тышкы иштер министрлигинин бүгүнкү билдирүүсүнүн алдында ЕККУ уюмунун байкоочусу миссиясынын өкүлдөрү соңку бир апта ичинде экинчи ирет ок атууга кабылган эле.

ЕККУ байкоочуларына ок атылган учур акыркы ирет 9-апрелде, Донецк шаарынын түндүк-чыгышында, орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн Жованка деген жерде болгон. Бирок ЕККУ байкоочулары ок ким тараптан атылганын тактаган. Ага чейин ушундай эле окуя 7-апрелде да болгон эле. Эки учурда да эч ким жабыркаган эмес.

Франциянын Тышкы иштер министрлиги да, Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерико Могерини да ЕККУ байкоочуларын көздөй ок атылышын “келишүүгө болбой турган” иш катары айыптоо менен алар өз милдеттерин аткарууга толук мүмкүнчүлүк алуусу керектигин белгилешти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: