Menu

Кайрылуу: “Кубанычбек Кадыровду камактан бошотуп, анын үй-бүлөсүнө болгон саясий куугунтукту токтотууну талап кылабыз”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмаз Шаршеновичке, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, Бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү Азиза Абдрасулова, Төлөкан Исмаилова жана башка укук коргоочуларга, Кыргыз элине жана массалык маалымат каражаттарына, 7-апрель революциясынын баатырлары, 2009-жылы Балыкчы окуясынын каармандары жана Ысык-Көл районунун тургундарынын атынан К А Й Р Ы Л У У

Урматтуу Президент, депутаттар, Бей Өкмөт уюмдарынын өкүлдөрү жана журналистер биздин сиздерге кайрылуубуздун себеби төмөндөгүдөй, баарыңыздарга белгилүү болгондой, 23-март 2016-жылы камакка алынган биздин жердешибиз, кулунубуз, коомдук саясий ишмер, мурунку КР ЖК СДПК партиясынын депутаты-Кубанычбек Кадыров боюнча болмокчу. Биздин пикирибиз боюнча, Кадыровду жана Б.Асановду камакка алуу,  алардын айткан сөзү үчүн гана болуп жаткан сыяктуу. Биз Кадыровго тиешелүү кылмыш ишин ар тараптуу жана объективдүү тергелишин, баардыгы мыйзам чегинде болушун талап кылабыз.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Сиз оппозицияда жүргөн учурда ушу Кубаныч менен биргеликте Сизди оор күндөрү аябай эле колдон келишинче колдоп жүрдүк. Ал күндөрдү Сиз эч качан унутпашыңыз керек, бул тарых дегендей. Өзүңүз жакшы билгендей, башка окуяларды айтпаганда дагы, 2009-жылы Балыкчы окуясын эске салып коюууну туура көрүп жатабыз, ошондо Сиздин таламыңызды талашып, биринчилерден болуп так ушу агабыз Кубанычбек Кадыров Бакиевтердин бийлигинен коркпой эле, каршы туруп бергенин жакшы билесиз, ошондо дагы биз Кубаныч агабыз менен Бакиевтерден көрбөгөн кордукту көргөнбүз, таяк жеп сабалып, сасыган түрмөдө, бир жылга жакын жаттык дегендей. Ошондо Кубанычты Балыкчы РОВДсынан ур токмоко алышып, спецназдар “на колени” дегенде дагы турбай, “бакиевтерге на колени турганча, өлгөнүм жакшы, ушул жерден эле атып салгыла” деп жигитче Сиз үчүн туруп берген күндөрдү каяка жашырабыз, бул факт. Сиз дагы бул боюнча “Кубан баатыр, на колени турбай койгон” деп Форумдун алдында 2009-жылы айткан сөздөрүңүз эсибизде. Кыргызда жакшы сөз бар “жаманчылыкты унуткан эч нерсе эмес, жакшылыкты унутпаш керек” деген, анысы кандай Кубанычбек Кадыровдун Сиз жакшылыгын эч качан унутпашыңыз керек эле. “Бийликти күч менен басып алганы жатат” деген абдан чоң күнөө коюлуп жатат, таң калганыбыз, колдорунда бир курал жарак болбосо, жок дегенде бир ташы же союлу болбосо,  кандайдыр бир акимиатты басып албаса, анан кайдагы бийликти басып алуу жөнүндө сөз болуп жатат, биз жердештери түшүнбөй жатабыз. Революция кыла турган ою болсо, биз жердештери УКМКдан мурун биз биринчилерден болуп угат элек го. Биздин жердешибиз Кубанычбек Кадыровду кандуу Бакиевдин учурунда дагы кан жаныбызды аябай колдоп келгенбиз, азыр дагы колдоп кеткенге толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Биз Кубанычбек Кадыровду камактан бошотуп жана анын үй-бүлөсүнө болгон саясий куугунтукту токтотууну талап кылабыз, мунун арты жакшылык менен бүтпөөрүн Сиздерге эскертип коюууга милдеттүүбүз. Сиздерге билинбегени менен, чынында көпчүлүк Кадыровдун камалышына абдан нааразычылыктарын билдирип жатышат.  Биз КР ЖК депутаттарына эл өкүлдөрү болгондуктан четте турбастан, бул ишке саясий баа беришин талап кылабыз, ал эми Бей Өкмөт уюмдарынын өкүлдөрү  Азиза Абдрасулова, Төлөйкан Исмаилова жана башка укук коргоочулардан адам укуктары, ошонун ичинде Кубанычбек Кадыровдун, Бектур Асановдун укуктары бузулбашына жол бербөөсүнө жана ар тараптан колдоо көрсөтүүлөрүнө суранабыз. Бул кыргыздын патриот жигиттери (Кадыров, Асанов) чындыкты, калыстыкты, карапайым элдердин көйгөйлөрүн айтканы үчүн камакта жатышат, чындап келгенде бизге окшогон карапайым элдер деле азыр жыргап, куунап жашап жаткан жерлерибиз жок, аябай эле кыйналып жашап жаткан учурубуз, өзгөчө светке, жер салыгы жана башка толуп жаткан салыктарын айтпай тим коелук, кредиттерибизди, күнүмдүк болуп жаткан көйгөлөрүбүздү сөз кылбай койгонубуз оң го.

Терең урматтообуз менен,

7-апрель революциясынын баатырлары, 2009-жылы Балыкчы окуясынын каармандары жана Ысык-Көл районунун тургундары:

С.Мусабаев

К.Мусаев

Б.Касымов

С.Мамбеталиев

Н.Кожакматов

Ж.Кубатбекова 

Ж.Асанова

Н.Турдакматова ж.б

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: