“Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев эл өкүлдөрү жашабай бош турган батирлерди сатып ийиш керек деген оюн ортого салды. 15-апрелде өткөн фракция жыйынында ал “Депутаттар үчүн азыр 37 батир бар экен. Анын жетөөсү Бишкектин ар кайсы райондорунда жайгашкан. Ошол жети батирди сатыкка койсо, калган 30у кесиптештерге кеңири жетет да” деди.
Албетте, бир чети ЖКдагы “араң жанын багып жүргөн кембагал” Анвар Артыков сыяктуу депутаттар менчиктештирип алганча, сатып ийген мамлекет үчүн пайдалуу болот окшойт…
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ