Menu

КСДП “опп” деши менен “Ата Мекен” “хоп” деди

Бөлүшүү:

Мындан бир аз мурдараак эле парламенттеги КСДП фракциясы жабык жыйынга чогулуп, спикерлик орунга жулкунуп турган эки талапкерди тең палатага алып чыгуу боюнча чечим кабыл алышты. Угушубузга караганда фракция эки жаатка бөлүнүп, бир тарабы Төрөбаевди, бир тарабы Исаевди колдоп “кырчылдашып”, акыры айла кеткенде ушундай чечимге келишкен.

Анан көп узабай эле 10 депутаты менен жабык отурум өткөрүмүш кылган “атамекенчилер” дагы дал ушундай жыйынтыкка келишти. Тагыраагы, талапкерлерге жашыруун добуш берилип, 5 депутат Исаевди, 5 депутат Төрөбаевди колдогон. Жыйынтыгында эки талапкер тең жалпы жыйында “күч сынашмай”  болду.

Эми төраганы шайлоо ушул жуманын шаршемби күнү жалпы жыйында чечилери болжолдонууда.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: