Menu

Сөз эркиндигин коргоо комитети түзүлүүдө

Бөлүшүү:

Кыргызстанда “Сөз эркиндигин коргоо комитети” деген бирикме түзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” “Прогресс” фондунун жетекчиси Адил Турдукулов билдирди.

Анын айтымында, жаңы уюмга журналисттер гана эмес, сөз эркиндигине карата жаралып жаткан тоскоолдуктарга каршы бардык жарандар биригүүдө:

– Бийлик көз каранды эмес массалык маалымат каражаттарына комплекстүү түрдө, системалуу басым жасап жатат. Булжурналисттерге карата миллиондук соттук арыздар, сабап кетүүлөр, рейдерлик басып алуулар. Мисалы, “Вечерний Бишкек“, “Ош ТВ“.

Уюмду журналисттер Нарын Айып, Замира Сыдыкова жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бегалы Наргозуев түзүүдө.

Былтыр жыл соңунда мамлекет башчынын аппарат жетекчиси Фарид Ниязов “Президент тайманбас жана чынчыл журналисттерди ар дайым колдоп келген жана колдоп жатат. Ал журналисттерди бир гана абийирге чакырып келет. Дайыр Орунбеков менен Уран Ботобековду журналист деп айтуу кыйын, аларды Чолпон Орозобекова, Сыргак Абдылдаев же Геннадий Павлюкка салыштырууга болбойт” деген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: