Бүгүн, 27-апрелде өкмөттүн облусттагы өкүлчүлүгүнүн 2016-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгын чыгарган коллегия олтурму биринчи ирет онлайн шартында болуп өттү. Бул тууралуу өкүлдүн басма сөз кызматы билдирди.
Анын ишине өкүлчүлүктүн коллегия мүчөлөрү, райондордун акимдери, шаарлардын мэрлери, областтык бир катар тармактардын жетекчилери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Ал эми район-шаарларда онлайн шартында өткөн коллегия олтурумунун жыйынына акимдер менен мэрлердин орун басарлары жана айыл аймактарынын башчылары түз байланышта коллегия олтурумунун ишин күзөтүшүп, берилген суроолорго жооп берип турушту. Коллегия олтурумунун жыйынын өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов алып барды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ